15:12 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Кыз-жигит Сармерден долбоорунун шайыр жеңеси, ырчы Анара Шаимкулова

Анара Шаимкулова: "Сармерденге" даярданып жатканда кадимкидей толгоо тартам

© Фото / Руслан Орозалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
197910

"Кыз-жигит Сармерден" долбоорунун шайыр жеңеси, ырчы Анара Шаимкулова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына долбоорго кандайча келип калгандыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

Анара Шаимкулова атасы тандаган кесипти аркалап кеткенде бир мектепте кыргыз тилинен сабак берип жүрмөк. Ырчы Жалал-Абаддагы университеттин филология факультетин аяктаган. Бирок ичиндеги ырдайм деген каалоосу, дилгирлиги аны Жалал-Абаддан Бишкекке алып келип, чыгармачыл чөйрөгө аралаштырып, ушул эле чөйрөдөн түгөй таптырган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ырчы, "Кыз-жигит Сармерден" долбоорунун алып баруучусу, шайыр жеңеси Анара Шаимкулова менен маек курду.

Участница проекта Сармерден, певица Анара Шаимкулова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Атамдын каалоосу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырдым. Убагында өкүндүм, кейидим. Бирок ошол кездеги атамдын чечимине азыр ыраазы болом

— Алгач өзүңүз, үй-бүлө, ата-эне, бала кезиңиз тууралуу азыноолак айтып бербейсизби?

— Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Карамарт деген айылында төрөлгөм. Карамарт — жаңгак токойго жакын жайгашкан, жаратылышы кооз айыл. Атам союз тараганга чейин өмүр бою жылкычы болуп иштеди. Биз да атамдын арты менен ат минип, ат чаап чоңойдук. Апам болсо колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Үйдө алты бир туугандын улуусумун. Негизи жети бир тууганбыз, бирок мен "алты" деп айтып көнүп калыптырмын.

— Кандайча?

— Бир жолу (анда биз кичинекей болчубуз) атаман бир киши "канча балаң бар?" деп сурап калды. Атам "жети балам бар" десе түшүнбөй, таңгалып карагам. Көрсө, атамдын биринчи жубайы бир уул төрөгөндөн кийин көп өтпөй көзү өтүп, баласын чоң атам менен чоң энем багыптыр. Талант байкемди биз чоң атамдардын баласы деп ойлочубуз.

— Көпчүлүк ырчылар менен баарлашып калсаң, атасы же апасынын бирөө анын ырчы же чыгармачыл болушуна убагында каршы болгон деп айтышат. Силердин үй-бүлөдө мындай учур болгон эмес беле?

— Болгон. Атам эмнегедир өзү ырдаганды жакшы көргөнү менен мени музыкалык окуу жайына тапшыртууну каалаган жок. Мектепти бүтүп окуу жайды тандай баштаганда "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтка тапшырам" десем болбой койду. Балким, мен үйдүн улуусу болгонго алыс кетиргиси келген жокпу, айтор, "бардык жерде мектеп бар, мугалимдик кесипти аяктасаң кор болбойсуң" деп койду. Ошентип атамдын каалоосу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырдым. Убагында өкүндүм, кейидим. Бирок ошол кездеги атамдын чечимине азыр ыраазы болом. Филология факультетинен жамандык көргөн жокмун. Тилдин, окуган адабияттарымдын пайдасы азыр тийип жатат. Ырга жакын жаным 3-курстан баштап кароо сынак, фестиваль, иш-чараларга катыша баштадым. Айрым мугалимдер "оку же ырда" деп уруша баштаган (күлүп).

4-курска караган жылы Жалал-Абадга "Тунгуч" театры концерт коюп келип калды. Барам десем эле алып кетип калчудай, театрдын жетекчиси Асылбек Өзүбековго жолугуп "филфакка өз каалоом менен тапшырган эмесмин, ырчы болгум келет, өзүңөр менен кошо ала кеткиле, мугалим болгум келбейт" деп сурандым. Асылбек агай кыраакы киши да, "атаң ушунча убакыт, акчасын коротуп окутуп жатса, мээнети жолдо калбасын, дипломуңду алып, анан кел" деп мени сооротуп койду. Концерти бүтүп сары автобусу менен кеткенде апасын ээрчип калган баладай ыйлаганым азыр да эсимде. Атама жана анын чечимине азыр ыраазымын. Азыр да рахматымды айтам.

Участница проекта Сармерден, певица Анара Шаимкулова
© Фото / Руслан Орозалиев
2005-жылы Бишкекке келдим. Дароо эле Айбек Карымовдун "Ай теңир" тобунда ырдап калдым. Бир жылдан кийин инисине турмушка чыгып, ошону менен удаа төрөп алты жыл үйдө отурдум

— Анан ырчы болууга атаңызды кантип, канча убакытта көндүрдүңүз?

— Окуу жайды бүткөндө бир жыл университеттин этика жана эстетика маданий борборунда иштедим. Андан соң Жалал-Абад облусундагы филармонияда ырчы болуп эмгектендим.

Акыры апам атамды көндүрүп, "кулагын ушалап", суранып жатып менин борборго кетип чыгармачылыгымды улантууга макулдугун алды. 2005-жылы Бишкекке келдим. Дароо эле Айбек Карымовдун "Ай теңир" тобунда ырдап калдым. Бир жылдан кийин инисине турмушка чыгып, ошону менен удаа төрөп алты жыл үйдө отурдум.

— Жолдошуңуз да чыгармачыл чөйрөдөнбү? Үй-бүлөңөр тууралуу да айтып кетсеңиз?

— Жолдошум — музыкант. Токтогул районуна келин болгом. Үч балабыз бар.

Участница проекта Сармерден, певица Анара Шаимкулова
© Фото / Руслан Орозалиев
Албетте, аянычтуу окуялардан кийин шайыр жеңенин ордуна баруу оңой болгон жок. Кастингге кыйналып, толгонуп, бир ыйлап бир сооронуп жатып араң даярдандым. Ошол учур мага аябай оор болду

— Музыкалык билимди анан качан алдыңыз?

— Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине быйыл тапшырдым. Азыр 1-курста окуп жатам. Ырдоо боюнча сырттан окуу бөлүмү жок экен, ошондуктан комуз бөлүмүнө тапшыргам.

— Комуз менен ырдайсыз го дайыма, улуттук аспапты кичине кезиңизде эле үйрөндүңүз беле?

— Айылда Токтогул деген комуз жасаган, черткен ата бар болчу. Ошондон бир күнү атам 18 сомго жаңгак комуз сатып келген.Күнү бүгүнкүдөй эсимде, аябай сүйүнгөн элем. Анан Канат деген агай комуз боюнча ийрим ачып калды. Колго кармаганды үйрөнүп баштаганда анысы жабылып, дагы бир агайга барып, айтор, чала-була үйрөнүп калгам. Кийин Арзыбек Бедияровдун фольклордук тобунда да ырдап, иштеп калдым да. Анда үнүм жетсе-жетпесе да эстрада ырларын деле ырдай берчү экенмин. Бир күнү Жалал-Абадга ырчы Роза Аманова келип калды. Ырдаганымды угуп "сени угуп жүрөм, үнүң элдик үн экен, комуз менен ырдашың керек" деди. "Аманова мага комуз менен ырдашың зарыл" деп айтты деген таасир менен комуз үйрөнүп, фольклорго басым жасай баштагам.

— Сизди "Кыз-Жигит Сармерден" долбоорунун шайыр жеңеси катары билебиз. Гүлзат Батырканова менен Гүлбүбү Ороскул кызы каза болгондон кийин айрымдар бул орунду "кара жолтой" деп да айтып чыгышты. Шайыр жеңенин ордун ээлөө сизге деле оңой болбосо керек?

— Кээде бир нерсе аян сыяктуу берилет же алдын ала ошону өзүң сезесиң го. Балким, бул чыгармачыл адамдарда көп кездешсе керек. Гүлбүбү каза болгондон кийин мага "шайыр жеңенин ордун кокус мага айтса эмне дейм" деген ой келген. Ойлоп, кайра өзүм коркуп кеткем. Андан кийин унутуп деле калгам. Кийинчерээк социалдык тармакты барактап отурсам, шайыр жеңенин ордун ошол жакта талкуулап, талапкерлерди көрсөтүп жатышыптыр. Талапкерлердин арасында менин да аты-жөнүм жүрөт. Сагын эжеге чалсам, "кастинг болот, катышып күчүңдү сынап көр" деди. Жакын санаалаштарым менен кеңешип, күйөөмө айтып, акыры "эл көрсөтүп жаткандан кийин барып көрөйүн" деп барып катыштым. Кастингге бир жума калганда үйдө отуруп алып Гүлбүбү, Гүлзат эжелердин эфирин көрүп чыктым. Албетте, аянычтуу окуялардан кийин ал орунга баруу оңой болгон жок. Кастингге кыйналып, толгонуп, бир ыйлап бир сооронуп жатып араң даярдандым. Ошол учур мага аябай оор болду.

— Жалпы канча кыз-келин ат салышты. Атаандаштар күчтүү беле?

— 30га чукул. Арасында белгилүү ырчылар, аймактан келгендер да болду. Мен биринчи туруна катышып эле кетип калгам. 500 кишинин алдына чыкканда да анчалык толкунданган эмесмин, бирок кастинг учурунда калыстар тобунун беш мүчөсүнүн маңдайында аябай толкунданып, сүрдөгөм. Суроолордун көбүнө даяр эмес болчумун, бирок багыма эрке бала (Талант Карагулов — ред.) мен билген суроолорду берип жакшы болгон. Бир убакта Гүлсүн Мамашева "болду" деп койду. Маанайым суз чыгып кеткем. Кыздардан сурасам, "эмнеге мостоюп чыгып кеттиңиз, калыстар тобу суз кыз экен, "Сармерденге" шаңкылдаган ачык-айрым келин керек деп жатат" дешти. "Өтпөй калдым го" деп өз иштерим менен алек болуп жүрсөм, бир күнү 3-тур бүткөндөн кийин Сагын Ниязалиева чалып "шайыр жеңенин ордуна сени тандап алышты" деди. Ошентип шайыр жеңенин милдетин аткара баштадым.

Участница проекта Сармерден, певица Анара Шаимкулова
© Фото / Айбек Сулайманов
Жолдошум — музыкант. Токтогул районуна келин болгом. Үч балабыз бар

— Сагын Ниязалиева бизге берген бир маегинде "Гүлбүбү Ороскул кызы шайыр жеңе болуп келерде кан чыгарып, Шахра Талипованын алдынан өткөн" деп айткан эле, сиз да ушундай ырым-жырымын жасадыңызбы?

— Ооба, Гүлзат эже менен Гүлбүбүнүн жакындарын чогултуп кан чыгарып, куран окуттук.

— Шайыр жеңе болуш деле оңой болбосо керек?

— Талаптары өтө көп. "Сармерденге" бир жума калганда кадимкидей толгоо тартам. Анткени ал жакта сүйлөп гана эмес, бардык жагынан даярданыш керек. Өң-келбетиңди караш керек, бир кийип чыккан кийимди экинчи кие албайсың. Бир сүйлөгөн сөздү эки жолу кайталаган болбойт, айтор, жумушу көп. Китеп окуп, сөз жаттап, курбу кыздарыма чалып кеңеш сурайм. Филология факультетинде окуганымдын пайдасы азыр тийип жатат.

— "Сармерден" долбооруна чейинки жашооңуз менен азыркы жашооңуздун айырмасы барбы? Анткени бул долбоордун күйөрмандары көп, аудиториясы чоң эмеспи…

— Тепкич деген бар да. Мен ушул тепкичтен акырын көтөрүлүп келе жаткам. "Сармерденге" келгенге чейин жеке концертимди бердим, күйөрман чогулттум. Ошентип акырын элге тааныла баштаганда, бул долбоор мени дагы бир тепкичке көтөрдү. "Сармерден" чынында жөнөкөй долбоор эмес. Кыргыздын ыр-күүсү жыттанган бул программаны канчалаган адам көрөт. Көрсө, шайыр жеңе деген бир эле статус бар экен. Азыр ал мага жүктөлгөн. Анын өйдө-төмөнү, ысык-суугу, баркы-баасы болот дегендей. Айырма, өзгөрүү болду.

Участница проекта Сармерден, певица Анара Шаимкулова
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
"Сармерденге" келгенге чейин жеке концертимди бердим, күйөрман чогулттум. Ошентип акырын элге тааныла баштаганда, бул долбоор мени дагы бир тепкичке көтөрдү

— Ырчылардын негизги киреше булагы той болуп калбадыбы. Сиз деле каражатты ушул жактан табасызбы?

— Меники деле ошондой. Себеби концерттен эч кандай акча түшпөйт. Берген концертиң өзүн-өзү жаап берсе сүйүнөсүң. Маданият кызматкерлери жарытылуу айлык албайт. Мындан улам тойго чыгууга туура келет.

— Чакыруу көп элеби?

— Ар кандай. Кээде бир жумада тойдон кол бошобой калат, кээде жумасына эки-үч жерге эле барып каласың. Айтор, сенин аткарган чыгармаларыңа жараша. Мурда мен жай ырларды аткарчумун. Көрсө, азыр замандын агымына жараша эл шаңдуу ырларды уккусу келет экен. Анан репертуарымды жаңылай баштадым.

Тема боюнча

Нуркамал Асканова: чет өлкөгө иштеп кеткен эне 20 жылдан соң Кыргызстандан табылды
Актриса Гүлсина Чотонова: айрымдар мени "бузуку" деп жаман көрө баштады
Белгилер:
маек, долбоорлор, ырчы, Анара Шаимкулова

ЭҢ МААНИЛҮҮ