Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМетеостанция "Байтик", расположенная в 15 километрах от Бишкека
Метеостанция Байтик, расположенная в 15 километрах от Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 13-январда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Токойдо жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Казакстандын жараны КР менен чектешкен жерде кар кишиге тамак берип жатат
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +1…+6, Таласта —1…+4 градус жылуу болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл аймагында 0…-5, Нарын жергесинде —7…-12 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +2…+4, Ошто +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0