Акын Рыскүл Изатова: сөзгө сындырып, атаандашкан эркектер болду

Жазылуу
Рыскүл Изатованы коомчулук жаш акын катары таанып калды. Ал былтыр улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынактын "Эң мыкты поэзия" номинациясын жеңип алган.

Изатова калем кармап ыр жазгандан тышкары журналдардын биринде редактор жана журналист, Жазуучулар союзунда менеджер, алып баруучулар мектебинде окутуучу. Айтор, ар тараптуу. Акын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп берди.

— Рыскүл, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз.

Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-9. Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер?
— Быйыл буюрса 25 жашка чыгам. Кочкордун Теңдик айылында чоңойдум. Карапайым үй-бүлөдөнмүн, ата-энем мал чарбачылыгы менен алектенет. Алты бир туугандын кенжесимин. Менден башкасынын бардыгы турмуш куруп, бала-чакалуу болушту.

Мектептен жакшы окуганга аракет кылдым. Күндөлүккө төрт алуу мен үчүн уят болчу. Сабакты түшүнбөсөм да жаттап барган күндөр өттү. Үйдөгүлөр жакшы оку деп талап койгон жок, бирок ата-энемдин көз карашынан сезчүмүн.

Окуучу кезде иш-чараларга активдүү катыштым. Эркектин кийимин кийип Семетейдин ролун аткарганым эсимде. Чыгармачылыкка ошондо эле жакын экенмин. Бирок мугалимдер билим бергени менен талантыңды ача алышпайт. Ошондуктан айылдагы балдардын талантына дагы көңүл бурулса дейм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомчулук жаш акын катары таанылган Рыскүл Изатова
Поэт Рыскуль Изатов - Sputnik Кыргызстан
Коомчулук жаш акын катары таанылган Рыскүл Изатова

— 19 жашыңызда акындык жолго түшкөн экенсиз…

— Мурда акындарга таптакыр кызыгуум жок болчу. Азыркы заманда акындар жок, илгери жашап өткөн деген ой бар эле. Өөрпоздор тууралуу маалыматым жок экен. Бишкекке келгенден кийин 2-курста ыр жаза баштадым. Омор Султанов, Карбалас Бакиров өңдүү мыкты акындар бар экенин билдим. Бир ирет Бакировдун ыр кечесине барганда жаш акындардын ыр окуп жатканын көрүп аябай таң калдым.

— Алгачкы ырыңыз эмне тууралуу эле?

— Сөзү так эсимде жок, эки ыр бар болчу. Бирөөсү чоң апам, экинчиси айылым тууралуу. Шаарга келгенде сагыныч, кусалык менен жазсам керек. Чыгармачылык жолумдун түптөлүшүнө адабий клубдардын жардамы тийди. Бирок тартынчаак, уяң сапатым менен дароо акындарга аралашып кете албадым. Бир-эки жакшы тааныш болуп калгандар "жүрү" деп сүйрөп жүрүштү. Кудай буюруп, жолум ачык болду. Багыма жакшы нерселер жазылыптыр. Чыгармачылыгымдын аркасы менен көп дос-тааныш күттүм. Таанылып калам деп ойлобоптурмун.

— Тартынчаак, уяң сапатым бар деп калдыңыз. Негизи эле акындардын жүрөгү жумшак болсо керек да, ыр жан дүйнөдөн өтмөйүнчө элге жетпейт дешет?

— Бардыгыбызда эле жүрөк бирдей болсо керек. Акындардын артыкчылыгы оюн сөз менен жеткизип бергендигинде да. Бирок акын десе эле "космос" болуп кеткендер бар. Аша чаап кыялданып реалдуулуктан алыстап кетишет. Жашоо бир орунда турбайт да. Иштеп, акча таап, өзүңдү багып, кимдир бирөөгө көз каранды болбошуң керек. Мен суу жээктеп бассам илхам келет деп жүрө берген болбойт.

— Акындыктан сырткары журналдардын биринде эмгектенесиз. Журналисттик ишиңиз тууралуу айтып бересизби?

— Ыр жазгандан кийин дайыма сөз менен иштейсиң. Журналистикага аралашып калышыма деле акындык өнөрүм себеп. Өзү ыр жазса, макала да даярдай алат деген таризде жумушка чакырышкан. Ишимди андан ары өркүндөтүп кете алдым деп ойлойм. Үч-төрт басылмада иштедим. Учурда "Миң түркүн" журналынын редакторумун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРыскүл Изатова: акындардын артыкчылыгы оюн сөз менен жеткизип бергендигинде
Поэт Рыскуль Изатова - Sputnik Кыргызстан
Рыскүл Изатова: акындардын артыкчылыгы оюн сөз менен жеткизип бергендигинде

— Акындык өнөр менен жан багуу деле мүмкүн болбосо керек, көбүнчө журналисттик кесип менен каражат табасызбы?

— Тойлордо ыр окуп, ырчы-тамадаларга текст жазып пайда көрсөң деле болот. Китептердин катасын оңдоп корректорлук да кылам. Нурзат Токтосунованын "Нур" алып баруучулар академиясында акындык боюнча сабак берем. Жазуучулар союзунда менеджермин. Ошондой эле кече, концерттерди уюштурганга жардам берип калам.

— Мунун бардыгына кантип жетишесиз?

— Адам бош болгондо жаман нерселерди эстейт экен. Мен андайда депрессияга түшүп кетем. Жүрөгүм сыгылып отуруп ыйлаган учурлар болот. 

— Чыгармачылык менен ар жерде иштейт экенсиз. Акындар арасында атаандаштыкка кабылган учурлар болбой койбосо керек…

— Адабий клубда иштеп жүргөндө акындарды маекке жөнөтө албай убара тартчумун. Бардыгын эле коомчулукка таанытканга аракет кылгам. Айрымдары ыкшоо тартып, көңүлдөнбөй коюшат. Арасында тартынчаактары болсо түшүнүү менен кабыл алып жардам бересиң. Бирок жагымсыз да учурлар болот экен. Мени деле чакырышат да, анан "бизди эфирге чакырса, өзүң барып алдың" дегендер болду. Атаандашкан, бут тоскон, сөзгө сындырган кыздар, жадакалса эркек балдар да болду. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойм. Мен андайларды жашоомдон таптакыр чийип салбайм. Кандай болгон учурда саламдан жазбаганга аракет кылам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИзатова: ооба, ырларымдын көбү сүйүү тууралуу. Адам бой тартканда жактыруулар сөзсүз болот экен. Бул табигаттын мыйзамы, эркек аттуу жакпайт деген чекилик.
Поэт Рыскуль Изатова - Sputnik Кыргызстан
Изатова: ооба, ырларымдын көбү сүйүү тууралуу. Адам бой тартканда жактыруулар сөзсүз болот экен. Бул табигаттын мыйзамы, эркек аттуу жакпайт деген чекилик.

— Ырларыңыздын 95 пайызы сүйүү тууралуу экендигин айтып келесиз, сүйүүгө туш болгонсузбу?

— Адам бой тартканда жактыруулар сөзсүз болот экен. Бул табигаттын мыйзамы, эркек аттуу жакпайт деген чекилик. Көкүрөктө жүрөк болсо, сүйүү да жашайт. Ооба, ырларымдын көбү сүйүү тууралуу. Өзгөчө ата-энем ыр окуп бер дегенде тартынып, "эмне деп жооп берем" деген учурлар болот.

— Жакында эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынакта ыр жазуу боюнча баш байгени алдыңыз. Сынак тууралуу айтып бере аласызбы?

— Мен өзү конкурстарга көп маани бербейм. Себеби сыйлыкка карап жазсаң, жан дүйнөң ачылбай калат. Аталган сынак Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткандан кийин дитимди коюп жазып бердим. Поэзиям Айтматовдун чыгармачылыгына жана жашоосуна арналды. Кудайдын буйругу менен көптөгөн таланттын арасынан менин эмгегим биринчи орунга татыптыр. Иш-чаранын уюштуруу деңгээли дагы, сыйлыгы дагы жакшы болду. 80 миң сом берилди.

— Алдыда кандай пландар бар?

Актер Эржан Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Актер Эржан Осмонов: жашоом айрымдар ойлогондой анчалык начар эмес
— Жакында эле Өзбекстанда өткөн түрк тилдүү акындардын фестивалына катышып келдим. Иш-чаранын максаты эл-жер менен таанышып, акындар менен алака түзүү болду. Абдан таасирлендим. Мамлекеттен талап кылгандан мурда өзүң дагы салым кошконду үйрөнүшүң керек экен деген ойдо калдым. Буюрса, бул жаатта да кесиптештер менен терең иштешебиз деп ойлойм. Ошондой эле быйыл китебимди чыгарсам деген план бар. Ал эми журналистика чалкып жаткан көл. Ар жыл сайын тажрыйбамды алмаштырып, улам бир багытын көргүм келет.

— Соңку сөз жеке жашооңуз тууралуу болсун.

— Эл-жерге кызмат кылып, пайдасы тийген уул-кыздарды тарбиялагым келет. Ал үчүн мен ага, ал мага татыктуу болгон адам керек. Убакыт өткөн сайын мырзаларга болгон талаптар да өзгөрөт экен. Жакшы адамды байкаштырып жүрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0