Ата-энем оокаттуу жерге бар деп кыйнап... Бойго жеткен кыздын баяны

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ата-энеси мажбурлап колунда бар жерге күйөөгө берип жаткан кыздын тагдыры баяндалат.

Жашым 30га жакындап калды. Ата-энем, туугандарым "качан күйөөгө кетесиң?" деп кулактын кужурун алып бүтүштү. Мындай суроо мага окшогон жашы 25тен ашкан кыздардын баарынын эле көкөйүнө көк таштай тийсе керек.

Кучакташып турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш келинге арзып калдым окшойт... Бүлөлүү эркектин баяны
Окуумду ийгиликтүү аяктап, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болдум. Бишкектеги мектептердин биринде англис тилинен сабак берем. Айлыгы азыраак болгондуктан кошумча котормочу, репетитор болуп иштейм. Жашым келип калганы менен турмушка чыгууга деле азыр көңүл жок, анын үстүнө жеке жашоону ойлогонго убакыт тийбейт. Бир жумуштан чыгып экинчисине барам. Ата-энем мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыгышкан. Үйдүн улуусумун. Менден кийинки ини-сиңдилерим студент, окуучу. Айтор, жоопкерчиликтин көбү менин мойнумда.

Үйдөгүлөр "күйөөгө тий" дешет. Мен кетсем, булар кантип жашайт деп калам. Анын үстүнө кыялымдагы мырзаны жолуктура элекмин. Колумду сураган балдар менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле ара жолго түшөбүз. Биринин аялы бар болуп чыкса, дагы бири өтө эле жаш болуп калат, кыскасы, жакшы кишиге жолуга элекмин.

Кол чатыр астында турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек
Жакында эле үйгө колунда бар тааныш байкелер куда түшүп келиптир. Ошондон бери апам "баласы окуп-чокуган неме экен. Колунда бар жерге кетсең кор болбойсуң. Өмүр бою мугалим болгон биз жарытылуу жашабадык" деп айланчыктап мени "алдап" жатат. "Баланы биринчи көрүп, сүйлөшүп көрөйүн" дегем. Жолуктук. Бирок бала мага жаккан жок. Бой көтөргөн, көйрөңүрөөк жигит экен. Эки-үч жолу кино, кафеге алып барды. Жүрөгүм жылыган жок. Тууган-тааныштарым "жакшы жер, ата-энеси жакшы кишилер, баланы кийин сүйүп кетесиң, кете бер" деп жанымды койбой жатат. Бала болсо мени жактырып калганын айтты. "Эки-үч жолу эле кезиксек бат эле жактырып калабы" деп мен анын "сүйүүсүнө" ишенбей, айтор, бир айдан бери башым маң.

Баш тартсам ата-энемди таарынтып аламбы деп корком. Андан жаман бирөөгө туш келип калсам эмне болот?! Бирок сүйбөй, жактырбай тие албайм да. Бой көтөргөн бала кийин байлыгына таянып, кийин өзгөрүп кетеби деп да коркуп кетем. Иши кылып, миң түркүн ойлор чулгап жумуштан да алаксытты. Акыры психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм. Мага окшогон кыздар көп болсо керек.

"Үй-бүлөнү бекемдөө" долбоорунун психологу Гүлнара Жасоолова:

"Жашым өтүп баратат, ата-энемдин сөзүн эки кыла албай" деп турмушка жаңылыш чыгып, кесепетинен үй-бүлө баркы, баалуулугу жоголуп, аягы ажырашууга алып барып жатат.

Келин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Же кете албай, же кала албай... Кайын журтун кыя албаган жесир келин
Мамиле курууда эки тарап тең аракет жасаганы оң. Убакыт бергиле деп колун сурап жаткан бала менен жакшылап сүйлөшүп көрсүн. Алдын ала ага да, ата-энесине да "сүйлөшүп көрөйүн, эгер келишсек баш кошолу" деп ачык айтсын. Кийин ата-энесине да "силер кыйнап берген жер" деп милдет кылбагандай, баарын өзү чечип сүйлөшсүн. Ата-эне баласына бир гана бакыт каалайт. Бирок чечимди бул кыз өзү кабыл алат. Анткени ал бала менен ата-энеси эмес, өзү жашайт. Эгер аны болочок күйөөсү, балдарынын атасы катары көрө алса, көзү жетсе, жакшы сапаттарын байкаса, жакшы көрөрүнө ишенсе, чыга берсин. Эгер өзүнө, чечимине ишене албай жатса, убакыт берүүнү сурап, баарын байкап көрсүн. Бирөөдөн талап гана кылбастан өзү да аракет кылышы керек. Эгер таптакыр эле жакпай, ишенбей жатса, баш тартып койгону деле дурус. Болгону мамиле курууга убакыт керек. Үй-бүлөнү бир-эки жолу кезигип эле түзө калган болбойт.

Кимдир бирөөдөн ката издеп, жаман адаттарын карай бербеш керек. Балким, кемчилик өзүндө болуп жүрбөсүн. Ошондуктан өзүн да, баланы да жакшылап анализдеп, шашылыш чечим кабыл албай, анан экөө баарын ачык сүйлөшүп алганы оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0