Сирияга 100 киши жиберген кыргызстандыкка соттун чечими чыкты

Жазылуу
Айыпкер 2013-жылдын февралынан мартына чейин элди Сириянын Идлиб шаарына жөнөтүп турган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту элди Сирияга азгырып жүргөн Ырыс айылынын жумушсуз тургунун үч жылга кести.

Айыпкер өткөн жылдын сентябрь айында тергөө абагына киргизилген болчу.

"Тергөө 2013-жылдын декабрь айында 17 жаштагы кыргызстандык Түркияга медреседе билим алуу үчүн барган. Ал жактан Өзбекстандын жараны менен таанышып, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында согушуу үчүн элди үгүттөп, жөнөтүп турууга макул болгон. Февраль айынан мартка чейин адамдарды Идлиб шаарына жөнөтүп, аларды тамак-аш, үй-жай менен камсыздап турган. Көрсөтүлгөн убакыттын ичинде ал 100дөн ашык адамды жөнөтүп, Түркиянын чек арасын 15 жолу мыйзамсыз кесип өткөн", — деп айтылат соттун токтомунда.

Открытие выставки Правда в объективе: вооруженные конфликты XX–XXI веков глазами военных журналистов - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери дүйнө жүзү боюнча 110дон ашык журналист өлтүрүлгөн
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, айыпкер өзү дагы бир нече ирет согуштук аракеттерге катышып, диверсиялык даярдыктан өткөн. Ошол эле жылдын апрель айында "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргызстанга келген.

Кармалган киши көрсөтүлгөн убакта өспүрүм куракта болгону жана мурда соттолбогону эске алынып үч жылга кесилди. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0