"Кытай сүтү" тууралуу видео боюнча технолог айтып берди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо бир нече ирмемде эле концентраттын жардамы менен суу сырттан караганда кадимки сүткө окшошуп калды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Социалдык тармакта Кытай сүтү тууралуу видео тарады.

Эркек киши бир чака сууга бир кружка күрөң түстөгү кошулманы куюп жиберген. Кадрдан бир нече секундадан кийин суу сүткө окшогон ак түстөгү суюктукка айланганын көрүүгө болот.

"Оо, кандай сүт болуп калганын көргүлө. Ал тургай майы да калкып жүрөт", — деп кишинин какшык аралаш айтып жаткандыгы угулат.

Киши суюктукту сузгу менен сузуп алып, ичкен сымал түр көрсөтүп: "Майы 3,2 пайыз экен. Айтмакчы, кытай сүтү ушинтип даярдалат", — деген ал.

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Буларга эмне болду? КРде уйлар жылдан-жылга сүттү аз бере баштады
Sputnik Кыргызстандын редакциясы өлкөдөгү сүт заводдордун биринин башкы технологу Калия Усупкожоевага кайрылып, анын пикирин сураган.

"Кургак сүт менен жасаса болот. Кадимки сүттүн 87 пайызы суу. Майдаланган кургак сүттүн суюктугу жок болгону менен пайдалуу сапаттары кала берет. 10 литр сүттү 2 килограмм кургак сүттөн жасоого болот. Түсү, албетте, ак болот. Бул кайра калыбына келтирилген сүт", — деп аталат.

Ал эми видео туурасында адис төмөнкүлөрдү айтты.

"Башка нерседен сүт жасоо технологиясы жок. Эгерде видеону карасак, балким кошулган белоктор менен ароматизатор болушу мүмкүн. Анын даамын татып көрбөгөндөн соң эч ким аны сүт деп айта албайт. Бирок химиялык сүттү эч ким ойлоп чыга элек",— деди Усупкожоева.

Ал Кыргызстандагы продукциялар таза сүт экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0