Согуштан келген каттарга өзү жооп берип... Төрөбай Кулатов тууралуу 7 факты

© Sputnik / А. Чепрунов / Медиабанкка өтүүПредседатель Президиума Верховного Совета Киргизской ССР Турабай Кулатов
Председатель Президиума Верховного Совета Киргизской ССР Турабай Кулатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун туулган күнү. Кыйын кезеңде өлкөнүн өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, 40 жылдан ашык жогорку кызматтарды аркалаган.

Мамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин бирден-бир атаандашы болгон. Насирдин Исанов тууралуу 7 факты
Sputnik Кыргызстан агенттиги жаратман саясатчы, эмгекчил жетекчини кызыктуу фактылар менен эскерет.

Байларга малай болгон. Төрөбай Кулатов 1908-жылы 10-январда Ош облусундагы Ноокат районунун Жал айылдык кеңешинин Кызыл-Булак айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жашоо шарты оор болуп, атасы 1916-жылы оорудан улам каза болгондуктан 10 жашынан баштап эле ар кайсы байдыкында малай жүрүп курсагын тойгузуп күн көргөн.

Өз киндигин өзү кесип. Кийин 1920-жылдары Кызыл-Кыядагы эжесиникинде жашап, ошол учурда темир жолдо куруучу, шахтада жүк ташуучу, көмүр казуучунун жардамчысы болуп эмгектене баштаган. Андан соң өзүнүн күжүрмөндүгүнүн аркасында "Кызыл-Кыя" кенинин профсоюздар комитетинин төрагасы, советтик партиялык мектептин курсанты жана 30-жылдардын соңунда Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгонго чейин жетишкен. 

© Sputnik / Рунов / Медиабанкка өтүүКулатов Кыргыз ССРинин Эл коммисарлар комитетинин жетектеп турган 1938-45-жылдар аралыгында Чоң Чүй каналы, Фрунзе — Ош автоунаа жолу менен Рыбачье — Быстровка темир жолунун курулуштарын демилгелеген.
Вручение верительных грамот зампредседателя Президиума Верховного Совета СССР Турабаю Кулатову - Sputnik Кыргызстан
Кулатов Кыргыз ССРинин Эл коммисарлар комитетинин жетектеп турган 1938-45-жылдар аралыгында Чоң Чүй каналы, Фрунзе — Ош автоунаа жолу менен Рыбачье — Быстровка темир жолунун курулуштарын демилгелеген.

30 жашында эл башында турган. Жогорку жакта тааныш-билиши жок жигит 1937-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, кийинки жылы 30 жашында Кыргыз ССРинин Эл коммисарлар комитетинин төрагасы болуп шайланган. Бул кызматты аркалаган учур Улуу Ата Мекендик согуш маалына туш келип, Кулатовго чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ал душмандар кол салган шаарлардан көчүрүлүп келген жүз миңдеген адамды Кыргызстандын аймактарына жайгаштырып, күнүнө 16-17 саатка чейин, кээде уктабай иштегендигин замандаштары эскерген жайы бар. Ошондой эле тылда эмгектенген адамдарга дем-күч берип, фронтко тонналаган жардам жиберүү ишинин башында турган. Эң кызыгы, Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы болуп туруп согуш майданынан кыргыз жоокерлеринен келген каттарга өзү жооп берип турган учурлары да болгон.

Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Кылмышкерлерге каршы чыгып... Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 6 факты
Жаратман башчы. Ал Кыргыз ССРинин Эл коммисарлар комитетинин жетектеп турган 1938-45-жылдар аралыгында Кыргызстанда ири долбоорлор ишке ашырылган. Алсак, мамлекеттик ишмер Чоң Чүй каналы, Фрунзе — Ош автоунаа жолу менен Рыбачье — Быстровка темир жолунун курулуштарын демилгелеген. Мындан сырткары, аскердик коргонуу жаатында маанилүү болгон "Фрунзе", "Айдаркен", "Ак-Түз " заводун ачуу маселесин көтөргөн.

33 жыл төрага болгон. Партиялык ишмер Кыргыз ССРи менен СССРдин тогуз чакырылышына депутат болгон. Ошондой эле 1945-жылдан баштап 1978-жылы пенсияга чыкканга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советтинин президиумунун төрагалыгын аркалаган. 

© Sputnik / Владимир Первенцев / Медиабанкка өтүүМамлекеттик ишмер 1945-жылдан баштап 1978-жылы пенсияга чыкканга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советтинин президиумунун төрагалыгын аркалаган.
Делегаты XXV съезда КПСС - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишмер 1945-жылдан баштап 1978-жылы пенсияга чыкканга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советтинин президиумунун төрагалыгын аркалаган.

Сыймыктуу уул-кыздын атасы. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси жубайы Салима менен 45 жыл бирге түтүн булатып эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын бардыгы Москвадагы ЖОЖдорду бүтүргөн. Улуу баласы Кузак энергетик болсо, бир кызы текстилчи, дагы бир кызы чет тилдерди өздөштүрүп Россиянын өкмөтүндө эмгектенген. Ал эми кичүү уулу Эркин Россиянын илимдер академиясында окумуштуу.

Көрүнүктүү саясатчы. Азыр Төрөбай Кулатовдун ысымын бир нече көчө, айыл-кыштак, окуу жайлар алып жүрөт. Мындай мамиле ал улуу инсандын кезинде жасаган эмгектерин эл азыркыга чейин унутпай эстеп жүргөндүгүнүн далили. Кыргызстандын түптөлүүсүнө опол тоодой салым кошкон саясатчы 1984-жылы 76 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0