ОСАГО полисин канчадан, кантип, кайдан алыш керек? 10 суроого жооп

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүОСАГО полиси. Архив
ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камсыздандыруу полисин алууда айдоочулар эмнелерди билүүсү керек, жол кырсыктары катталган учурда менчик компаниялар жабыркагандарга канча сомдон төлөп берет? Ушул жана башка ОСАГО тутумуна байланыштуу суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуздар.

Ушул жылдын 7-февралынан тарта "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" (ОСАГО) мыйзамы күчүнө кирет. Мыйзам күчүнө киргенден тарта бардык айдоочулар камсыздандыруу полисин алууга милдеттүү болот.

Бирок Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ОСАГО полиси жок айдоочуларды 7-августка чейин акчалай айыпка жыкпай туруу сунушун киргизүүдө. Учурда аталган токтомдун долбоору министрликтер жана ведомстволордун макулдашуусуна жиберилип, коомдук талкууда.

ОСАГО тутуму боюнча камсыздандыруу полисин алууда айдоочулар эмнелерди билүүсү керек, жол кырсыктары катталган учурда менчик компаниялар жабыркагандарга канча сомдон төлөп берет, полистин жарактуулук мөөнөтү канча? ОСАГО тутумуна байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна Мамфинкөзөмөл кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов жооп берди.

ОСАГО деген эмне?

Осаго полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
ОСАГО же унаа ээлерин камсыздандыруу — бул айдоочулардын унаасы менен ден соолугу камсыздандыруу компаниялар тарабынан камкордукка алынышы.

Документ ишке кирери менен бардык тараптар жол кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигине ээ болот. Мындан тышкары, мүлктү калыбына келтирүүгө жана дарыланууга кеткен чыгымдан корголуп, компенсация ала алышмакчы.

Кайсы камсыздандыруу компаниясына кайрылса болот?

Өлкөдө жалпы 16 камсыздандыруу компаниясы бар. Азырынча ОСАГО тутуму менен иштешүүгө 9 компания ниеттенип жатат. Алар: Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы, "Ингосстрах" ("Кыргызинстрах"), "Кыргызстан", "Аманат полис", "Арсенал-Кыргызстан", "АТН полис", "Алма-Иншуренс", "НСК", "Аю гарант" камсыздандыруу компаниялары.

Аты аталган компаниялар мыйзам күчүнө киргенден кийин гана тийиштүү документтерди тапшырып, андан соң лицензия алышат. Тизме узарып же кыскарышы мүмкүн.

Камсыздандыруу полисин канча сомго алса болот?

Камсыздандыруу полисинин базалык тарифи 1680 сомду түзөт. Бирок иш жүзүндө айдоочунун жаш курагына, тажрыйбасына, унаасынын көлөмүнө жана жол кырсыктарынын санына карап эсептелмекчи.

Жол кырсыгынын санына кароо. Мисалы, бир жылдын ичинде айдоочу эч кандай жол кырсыкка кабылбаса, кабылган күндө да күнөөлүү болбосо, кийинки жылы ага камсыздандыруу полиси арзаныраак берилет. Эгер айдоочу бир жыл ичинде жол кырсыктарына кабылып, күнөөлүү болуп калса, кийинки жылы камсыздандыруу полисин кымбатыраак сатып алат.

Айдоочулук тажрыйбага кароо. Алсак, эгер жаран айдоочулук күбөлүктү жаңы эле алган болсо, камсыздандыруу полисин, тажрыйбалууларга караганда кымбатыраак сатып алат. Себеби тажрыйбасы аз айдоочунун жол кырсыкка кабылуу тобокелчилиги көп болушу мүмкүн.

Выдача полисов ОСАГО в Омске - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
Унаанын көлөмүнө кароо. Унаа канчалык чоң болсо, камсыздандыруучу полиси ошончо кымбат берилет. Себеби оор салмактагы машиналар үчүнчү тарапка көп зыян алып келиши ыктымал. Жүк ташуучу чоң унааларга камсыздандыруу полистеринин баасы 4500-5500 сомдун тегерегинде болсо, автобус, кичиавтобус ээлери 3500-4500 сомго чейин ала алышат. Ал эми Honda Fit сыяктуу жеңил, көлөмү кичинекей унааларга камсыздандыруу полистери 1680-2200 сомго чейин сатылат.

Камсыздандыруу полисин алуу үчүн жакында Мамфинкөзөмөл кызматы сайтына калькулятор чыгарат. Анда айдоочу жаш курак, тажрыйба, унаасынын көлөмү, үлгүсүн жана башка маалыматтарды көрсөтөт. Жыйынтыгында калькулятор баарын эсептеп, темир тулпар ээсинин полисинин акчасын чыгарып берет.

Камсыздандыруу полисинин жарактуулук мөөнөтү канча?

15 күндүк, 1, 3, 6 жана 9 айлык жана бир жылдык камсыздандыруу полистери болот.

Алсак, чет жактан өз унаасы менен Кыргызстанга саякаттап, Ысык-Көлгө эс алууга келген турист 15 күндүк камсыздандыруу полисин ала алат. Мөөнөтүнөн өтүп кетсе, полис жокко чыгарылып айдоочу айып пул төлөйт. 15 күндүк полис эң арзан түрү.

Андан кийин 1, 3, 6 айлык камсыздандыруу полистери бар. Мисалы, жер иштеткен унааларга (комбайн, трактор сыяктуу) дыйкандар 3, 6 айлык полис алса болот. Анткени алар жазында, күзүндө эле иштейт, калган убакытта токтоп турат эмеспи. Канчалык убакыт-мөөнөтү аз полис болсо, ал ошончо арзан болот. Эң узак мөөнөт бир жылга чейин берилет. Убактысы бүтөрү менен аны алмаштыруу кажет.

Полис айдоочуга берилеби же унаагабы?

Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер
Ар бир унаанын бирден камсыздандыруу полиси болушу керек. Бир үйдө үч унаа болуп, үчөө тең айдалса, анда үчөөнө тең полис алуу зарыл. Бирок үйдө бир эле унаа болуп, аны үч-төрт киши айдай турган болсо, ага карата полис берүүнүн түрлөрү бар.

Бир унаага камсыздандыруу полисин берүүнүн үч түрү бар. Биринчиси — "өзүм эле айдайм" дегендерге, жалгыз адамга берилчү полис. Мындай камсыздандыруу полиси бир эле унаа ээсине жарайт. Кокус ал полис менен башка адам айдаса, айып пул чегерилет жана кырсыкка кабылып калса компания камсыздандырбайт. Бул үч түрдүн эң арзаны.

Экинчи түрү төрт адамга бир берилет. Мисалы, ага аялын, баласын жана дагы бир унаа айдай турган адамды кошуп жаздырса болот. Ал полис менен көрсөтүлгөн төрт адамдан ашык киши айдабаш керек. Баасы бир аз кымбатыраак.

Үчүнчүсү "айдоочунун санына чек жок" деп аталат. Анда ал унааны ошол полис менен каалаган адам айдай берет. Мындай полис көбүнчө такси кызматтарына, ар кандай фирмаларга ыңгайлашкан. Анткени ал жактан кызматкерлер улам алмашып туруусу мүмкүн.

Кыргызстандан алган камсыздандыруу полиси чет өлкөдө жарайбы?

Муниципальное кладбище в Тиай - Sputnik Кыргызстан
Акча табыш үчүн өз тажиясын уюштуруп... Кыргызстандагы кытмыр схемалар
Жарабайт. Ар бир өлкөнүн өз камсыздандыруу компанияларынан полис алуу керек. Бирок "жашыл карта" деген камсыздандыруу полиси бар. Жашыл картага кирген өлкөлөр бири-биринин полистерин жарата берет. Мисалы, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн көбү ошол картага кирген, анын ичинде Иран, Россия бар. Бирок биздин коңшулаш, чектеш өлкөлөр, ошол эле Казакстан жашыл картага кире электигине байланыштуу кыргызстандык айдоочулар камсыздандыруу полиси менен чет өлкөлөргө чыга албайт. Казакстан же башка чектеш өлкө жашыл картага киргенде Кыргызстандын камсыздандыруу полиси менен Европага чейин кыдырууга шарт түзүлмөк. Бирок ОСАГО мыйзамы ишке ашмайынча Кыргызстан бир дагы картага кире албайт.

Жол кырсыкка кабылган учурда кайра жаңы полис алуу керекпи?

Жол кырсыгына кабылган учурда баары төлөмгө жараша болот. Мисалы, айдоочу башка унааны сүзүп же чийип алып, азыраак киши жабыркаса, каза болгондор жок болсо, анда мурунку камсыздандыруу полиси менен эле кала берет. Эгер ири жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылып ага айдоочу күнөөлүү болсо, анда камсыздандыруу полиси жарактан чыгат. Анткени каза болгон, оор жараат алгандарга компенсация көп өлчөмдө төлөнөт. Мындай учурда кайра жаңы полис алууга туура келет.

Камсыздандыруу компаниялары кайсы учурларда канча төлөп берет?

Замгендиректора ЗАО АТН-Полис Эрнис Абдыкеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абдыкеев: өлкөдө активдүү иштеген 20 камсыздандыруу компаниясы бар
Эгер мүлкүнө зыян келтирип, жарым унаасын талкалап салса — 150 миң сом. Эгер адамдардын ден соолугуна зыян келтирип, аларды майып кылса, анда 1-топтогу майыптарга — 200 миң сом, 2-топтогуларга — 150 миң сом, 3-топтогуларга — 100 миң сомдон камсыздандыруу компаниялары төлөп берет. Калган жаракат алгандар медициналык жайлардан маалымкат алып келип, ошого жараша 100 миң сомго чейинки акчасын компания төлөп берет.

ОСАГО каражат жагын гана карайт. Кылмыш кодекстеринин бул тутумга тиешеси жок.

Камсыздандырууга кандай документтер керектелет?

Камсыздандыруу полисин алуу үчүн айдоочулук күбөлүк жана техникалык күбөлүк жетиштүү.

Камсыздандыруу полиси жок кармалгандарга канча айып пул салынат?

Полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынат. Бирок айып пул мыйзам күчүнө кирери менен салынбайт. Финкөзөмөл кызматы аны 7-августка чейин узартууну сунуштоодо. Ага чейин кайгуул кызматкерлери айдоочуларга сөзсүз полис алуу керектигин эскертип турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0