00:06 23 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7394
  • EUR79.2414
  • RUB1.0479
Курулуп жаткан турак үйлөр. Архив

Мамлекеттик ипотека бюджеттен айлык албагандарга качан берилет?

© Sputnik / Виталий Тимкив
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (52)
437 0 0

Үйлүү болуу көптөгөн кыргызстандыктардын максаты. Шарттар жакшырып, мамлекеттик эмес кызматкерлер дагы турак жайлуу боло алабы деген суроого "Мамлекеттик ипотека компаниясынын" жетекчиси жооп берди.

Быйыл мамлекеттик ипотеканын пайыздык коюму азаят, ошондой эле кыргызстандыктардын үйлүү болуусуна жаңы шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" жетекчиси Бакыт Шамкеев билдирди.

Председатель правления ОАО Государственная Ипотечная Компания Бактыбек Шамкеев
© Sputnik / Асель Акматалиева
Председатель правления ОАО "Государственная Ипотечная Компания" Бактыбек Шамкеев

Аны менен болгон баарлашуу суроо-жооп форматында жазылды.

- Өткөн жылы мамлекеттик ипотекага 500 миллион сом каралган, бирок каражат жайында эле түгөнүп калган. Быйыл кайрадан эле жарым миллиард каралды, кошумча каражат суралабы?

— Ооба, былтыр алгач 500 миллион сом бөлүнгөн. Андан башка 2017-жылдан калган 300 миллион бар болчу. Кийинчерээк дагы 500 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада жалпы жонунан 1,3 миллиард сом жумшалган. Быйыл дагы бюджеттен каражат суралат.

- Өткөн жылдын аягында пайыздык коюмду 6 пайызга төмөндөтүү пландалган эле, эми качан ишке ашат?

— Учурда пайыздык коюмдун эң төмөнкү босогосу — жети пайыз. Мамлекеттик ипотекалык компания октябрь-ноябрь айларында 6 пайыздан берүү үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок мындай коюм менен алуу үчүн алгачкы төлөм үйдүн жалпы баасынын 30 пайызын түзүшү керек.

- Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу менен мамлекеттик ипотека мамлекеттик эмес кызматкерлерге дагы берилери айтылган. Жарандар документтерин качан тапшыра баштаса болот?

- Июль айында 200 миллион сомго баалуу кагаздар чыгарылган, алардын 8 миллиону сатылды. Өткөн жылдын декабрь айынын аягында ушул каражаттын эсебинен мамлекеттик эмес кызматкерлерге биринчи насыя берилди. Пайыздык коюм 14 пайызды түздү. Баалуу кагаздардан түшкөн каражаттын бардыгы ушул категориядагы жарандарга жумшалат. Өнөктөш банктар мамлекеттик эмес кызматкерлердин арыздарын карап баштады.

- Мамлекеттик эмес кызматкерлерге насыя берүү үчүн Германия өнүктүрүү банкынан каражат алуу пландалган. Бул программа качан ишке кирет?

— Аталган каражат (10,5 миллион евро) үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта аймактардагы (Бишкек менен Ош шаарын эске албаганда) мамлекеттик эмес кызматкерлерге берилет деп болжолдонууда. Пайыздык коюм 14 пайызды түзүшү мүмкүн.

Эске салсак, мамлекеттик ипотеканын максималдык суммасы 3 миллион сомду түзөт. Алгачкы төлөмдү (10-30 пайыз) эске алуу менен пайыздык коюму 7-11 пайызды түзөт. Насыяны төлөө мөөнөтү 15 жылга чейин каралган.

Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (52)

Тема боюнча

Мамлекеттик ипотека берүүнү улантууга өкмөт дагы 500 млн. сом тапты
Мамлекеттик ипотека берүү кайра токтотулду. Себеби
Күздөн тарта Мамлекеттик ипотека компаниясы пайыздык коюмду арзандатат
Белгилер:
Мамлекеттик ипотекалык компания, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ