Кыргызстандын дипломаттары Синьцзян-Уйгур автономдук районуна барып келди

© AFP / MARK RALSTONСъезд Коммунистической партии в Пекине
Съезд Коммунистической партии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайга жалпысынан 12 мамлекеттин дипломаттары барган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандык дипломаттар Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна барып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 28-30-декабрда Кытайга Кыргызстандан башка Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан жана Таиланддын дипломаттары дагы барган. Алар Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларын кыдырышкан.

"Уюштуруучулар чет элдик дипломаттарды аталган аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, маданий, билим берүү мекемелери, мечит, базар жана башка объектилеринин иши менен тааныштырды. Ошондой эле элчилер студенттер менен баарлашып, алардын жашоо шарты менен таанышты", — деп айтылат маалыматта.

ТИМ тараткан билдирмеде этникалык кыргыздар кармалып жатат деген концлагерлерге сапар болгон-болбогону айтылган эмес.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков этникалык кыргыздар боюнча дипломатиялык каналдар аркылуу иш жүрүп жатканын билдирип, бул маселеге этияттык менен мамиле жасоого чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0