Зилалиев: УКМК менден кечирим сурап кое берет деген үмүтүм бар

Жазылуу
Мурдагы вице-премьер өткөн жылдын декабрь айында камакка алынган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук кызматы андан кечирим сурап кое берет деп үмүт кылууда. Бул тууралуу өзү билдирүү таратты.

Зилалиев өткөн жылдын 8-декабрь күнү байлыкты мыйзамсыз түрдө топтогон деп айыпталып кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан.

"Мени кармаганда күнөөсүз экенимди тастыктап, тиешелүү документтерди көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Кызмат адамы кайсы булактар аркылуу киреше тапканын түшүндүрүп бере албаган учурда гана "Мыйзамсыз байлык топтоо" беренеси менен иш козголушу мүмкүн. Тилекке каршы, мени кармаганда укугумду коргой алган жокмун", — деп айтылат билдирүүдө.

Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы
Зилалиевдин айтымында, "каалагандай кескиленген видео" коомчулук алдында кадырын кетирүү үчүн жасалган. Бирок азыр бир нерсени далилдөөгө аракет кылуу жөн гана актанууга окшоп калат деген оюн кошумчалады.

"Ошондуктан азыр күтө турам. Бирок тергөөгө тиешелүү документтер берилип жатат. УКМК тактап чыгып, кечирим сурап, эркиндикке чыгарат деген үмүт бар. Убакыт көрсөтөт", — деди ал.

Мындан тышкары, аткаминер аны аэропорттон эмес, өз үйүнөн кармашканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0