Кулматов менен Ибраимовдун мектеп боюнча иши тергелип бүттү

© Sputnik / Акылбек БатырбековКалыс-Ордо конушундагы №86 мектеби. Архив
Калыс-Ордо конушундагы №86 мектеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө мектептин курулушунда 95 миллион сом чыгым келтирилгенин аныктады.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна карата "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп бүттү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов айыпталууда.

"Мурдагы эки мэрдин жетектөөсү менен мектептин курулуш иштери мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөн. Тагыраагы, курулуш иштери долбоордук смета түзүлбөстөн, уруксат жана башка тийиштүү документтер топтолбостон, тендерсиз аткарылган. Каражаттар компаниялардын эсебине мыйзамсыз которулган жана подрядчылар акчаны нормативдерге ылайыксыз сарптаган", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Сапар Исаков экстренно посетил ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
Натыйжада 660 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна TBEA бөлгөн 2 миллион доллар жана шаардык бюджеттен берилген 114 миллион сом сарпталган.

"Ал эми өкмөт буга чейин ошол 2 миллион долларга аймактарга 1000 орундуу мектеп курууну пландаган. Тергөө мектептин курулушунда 95 миллион сом чыгым келтирилгенин аныктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда айыпталуучу тарап материалдар менен таанышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0