Статс-катчылардын ишине баа берилип, рейтинги аныкталат

Жазылуу
Статс-катчынын кызмат орду укуктук статусу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарыныкына теңдеш.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик кызматта иштеген статс-катчылардын иши бааланып, ишмердүүлүгүнүн рейтинги аныкталат. Бул туурасында Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты.

Айыл чарба министрлигиндеги башкы адистердин бири Күмүшбек Калчакеев - Sputnik Кыргызстан
Кабинетте сабалдым. Министрликтин кызматкери статс-катчынын үстүнөн арыз жазды
Аталган ведомстводо статс-катчылар жана мамлекеттик органдагы кызматкерлер менен иштөө башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан жыйын өтүп, аталган кампанияны өткөрүү максаты, тартиби айтылган. Андан сырткары, мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештин өкүлдөрү менен бул иш-чара талкуулангандыгы кабарланды.

Статс-катчынын кызмат орду укуктук статусу жана анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарыныкына теңдеш.

Малекеттик кадр кызматынын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 24 статс-катчылык бар

Төмөнкүлөр мамлекеттик органдын статс-катчысынын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп саналат:

— мамлекеттик органда бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу;

— мамлекеттик органдын иштерин стратегиялык пландаштыруу;

— мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун талдоо жана анын иштерин өркүндөтүү боюнча, анын ичинде мамлекеттик органдын стратегиялык максаттарына, милдеттерине жана иш-милдеттерине жараша мамлекеттик органдын түзүмү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

— мамлекеттик кызматкерлердин иш сапатынын мониторингин аныктоочу жана жетишилген жыйынтыктарды баалоочу тутумдарды киргизүү;

— мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу жүрүмдөрүн уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү үлгүлөрүн иштеп чыгуу;

— мамлекеттик органдын ишин администрациялык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;

— алдыңкы башкаруу технологияларын: стратегиялык менеджмент, электрондук документ жүгүртүү жана электрондук өкмөттү өздөштүрүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0