Кыргызстанда бак отургузууга 2,5 миң гектар жер дайындалды

© пресс-служба мэрии города БишкекПосадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке
Посадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отургузуу үчүн бадал тукумуна кирген дарактардын 28 тонна 533 килограмм үрөнү чогултулду.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик токой фондусунун аймагында бак-дарактарды отургузуу үчүн 2 миң 431 гектар жер дайындалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул аймакка отургузуу үчүн бадал тукумуна кирген дарактардын 28 тонна 533 килограмм үрөнү чогултулду. Мындан тышкары, 48 миң даана көчөт кыйыштырылды.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Үч-Коргон, Аркин жана Баткен токой чарбаларында жалпысынан 1000 гектар жерге сөксөөл отургузулганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0