00:04 23 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7394
  • EUR79.2414
  • RUB1.0479
Сотрудники милиции. Архивное фото

Кыргызстанда жыл башынан бери түкүрүк үчүн эч ким айыпка жыгыла элек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Түкүргөндөргө салынган айып пул (19)
167 0 0

Парламенттин имаратын көздөй атайылап түкүргөн адамга ушул убакка чейин айып пул чегерилген эмес.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Эреже бузуунун бирдиктүү реестринде түкүрүк боюнча бир да учур каттала электигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта Эреже бузуу кодексинин 66-79-беренелеринде каралган тартип бузуулар тууралуу иштер өз алдынча башкаруу органдары тарабынан териштирилери айтылат. Эскерте кетсек, 71-берене менен түкүргөн адамга айып пул чегерилет.

"Эреже бузуу катталса, өз алдынча башкаруу органдары бизге материал жөнөтүшү керек. Азырынча эч кандай маалымат жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок буга чейин Интернетте Жогорку Кеңештин имаратын көздөй нааразычылык иретинде атайылап түкүргөн кишинин видеосу жарыяланган. Ал Ысык-Көлдүн Тоң районунан табылып, Бишкекке алып келинген.

Эреже Биринчи Май районунун аймагында бузулгандыктан, ал кишиге айыпты тиешелүү райадминистрация салышы керек.

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине азырынча түкүрүгөн киши айыпка жыгыла электигин айтып берди.

"Иш бизге кечээ берилди. Комиссия маселени карап чыгып, эреже бузган кишини кандайча жазалоо керектигин чечет", — деди ал.

Эреже бузуу кодексине ылайык, түкүргөн кишиге алгач эскертүү каралган эмес. Жеке тарап 5 500 сом, ал эми юридикалык жактар 17 000 сомдук айып төлөмөр болот.

Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (19)

Тема боюнча

Милициянын формасын кийген киши көчөдө беш ирет түкүрдү. Күбөнүн видеосу
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
Жогорку Кеңешти көздөй түкүргөн киши Тоңдон табылды. Сүрөт
Белгилер:
түкүрүү, кодекс, айып пул
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ