Ажыга барчуларды каттоо башталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Саудовской Аравии
Паломники в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоого алуу иштери 31-январга чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жылы ажыга барчуларды каттоо башталганын муфтият билдирди.

Каттоо иштери 31-январь, саат 17.00гө чейин уланат. Зыяратчылар "РСК Банкка" 500 доллар жана 700 сом төлөгөнү боюнча чекти көрсөтүп, шаардык же облустук казыяттардан каттала алат.

Мындан тышкары, ажыга барам деген кишинин жанында жалпы жарандык паспорту жана биометрикалык ID-картасы болушу кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0