Каркыраны талап кылып... Майра Керим кызы жөнүндө 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү төкмө акын, обончу, аткаруучу Майра Керим кызынын туулган күнү. Эки элдин сыймыгы болгон таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 57 жашка толмок.

Чыгармачылыгы оргуштап, таланты ташкындап турган кезинде бул дүйнө менен кош айтышкан инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет. 

© Фото / предоставлено Акжолтой Канатбек уулуАкын Майра Керим кызы
Акын Майра Керим кызы - Sputnik Кыргызстан
Акын Майра Керим кызы

Бухгалтер кыз. Казак жана кыргыз элинин таланттуу акыны Майра Керим кызы 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Атасынан эрте ажыраган жаш кыз мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайда билим алып, бухгалтер кесибине ээ болот. Кийин кичи мекенине келип саанчы болуп эмгектенген.

Народный артист КР Асанбек Умуралиев - Sputnik Кыргызстан
Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты
Аккан арыктан суу агат. Бала кезинен колуна домбурасын алган обончунун энеси Айганыш кыргыз, Ысык-Көлдүн кызы эле, комуз чертип, дастан айткан. Атасы Керим да төкмө, дастанчы болгон. Ошентип төкмөлүк өнөр ага ата-энесинен өтүп, түрдүү сынактарга катышып, туулуп-өскөн жеринде таанылган.

Ысык-Көлдүн келини. Акын өмүрлүк жолдошу менен Казакстанда таанышкан. Ошол кезде Ысык-Көлдүн кулуну Канат Байышов коңшу өлкөдө куруучу болуп иштеп, ошол жакта жашап жүргөн эле. Жүрөккө чок салып Кыргызстанга кетип калган жигитти Майра кыз бир жарым ай өткөндөн кийин өзү издеп келген. Бири-бирин сүйгөн жаштар баш кошуп 90-жылдары биротоло Кыргызстанга көчүп келишкен. Келин болуп келгенден кийин да Майра Керим кызы чыгармачылыгын улантып, кайын журтунда да өз күйөрмандарын таба алган.

Кыргыз төкмөлөрүнүн чолпону. Акын 2000-жылдардын башында төкмөчүлүк өнөрүнө көңүл бурулбай калганда Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыровдор менен сахнага чыгып, айтуучулуктун кайра жанданып өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Аял кишинин бул өнөргө аралашышы адаттагы көрүнүш эмес эле, андыктан Майра Керим кызынын сахнага чыгышы, таамай айткан сөзү, өзүнө гана таандык авазы акынды кыргыз төкмөлөрүнүн чолпонуна айланткан.

Казактардан Каркыраны талап кылып… Бишкекте 2008-жылы 31-август күнү өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата айтыш уюштурулган. Анда кыргыз, казак акындары ат салышкан. Майра Керим кызы коңшу өлкөнүн акыны Серик Калиевге туш келет. Ошондо Казакстанга Каркыра жайлоосунун бир бөлүгү өтүп кеткендигин сөз кылып, "талаа жетпей жатабы, кыргыздын жайлоосун кайтарып бергиле" деп агынан жарыла талап коюп көпчүлүктү уу-дуу кылган.

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
Эмгеги бааланбаган талант. Майра Керим кызы 250дөн ашык ыр жазган. Эмгекчилдикти жактырган инсандын "Жар керек", "Сени сүйгөн бир адам бар" өңдүү 50дөн ашык обону азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Калк арасында көбүнчө төкмө акын катары белгилүү болгон Майра Керим кызынын сахналаштары анын чыгармачылыгы өз убагында бааланбай калгандыгын айтып келишет. Ага бир дагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган эмес.

Жаш кеткен акын. Бирине бири тирек болуп түтүн булаткан түгөйлөр эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Улуу баласы менен кызы учурда Казакстанда жашаса, кичүү баласы Акжолтой апасынын жолу менен кетип, колуна комуз алып төкмөлүк менен алектенип келет. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси болгон Майра Керим кызы 2009-жылы катуу ооруп жатканына карабай Нарынга чейин барып айтышка катышкан жайы бар. Ал он жыл мурун 47 жашында оор илдеттен көз жуумп, сөөгү Тоң районунун Ак-Сай айылында жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0