Коопсуз шаар: Бишкектеги алгачкы камера тесттик режимде иштей баштады

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвтоунаалардын кыймылы. Архив
Автоунаалардын кыймылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун биринчи этабынын алкагында 10-февралга чейин 10 кесилиште камералар ишке кирет.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкектин Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде коюлган камералар тесттик режимде иштей баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Долбоордун биринчи этабынын алкагында 10-февралга чейин төмөндөгү 10 кесилиште камералар ишке кирет.

— Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия бульвары;

— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсү;

— Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсү;

— Жибек Жолу проспектиси менен Фучик көчөсү;

— Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульвары;

— Бөкөнбаев көчөсү менен Абдрахманов көчөсү;

— Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;

— Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсү;

— Москва көчөсү менен Абдрахманов көчөсү;

— Горький көчөсү менен 7-Апрель көчөсү.

Камералар күнү-түнү иштеп, видео жана фотоматериалдарды топтойт. Долбоорду ишке ашыруу 4 этапка бөлүнгөн. Анын экинчи бөлүгү ушул жылдын март айында башталат.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун россиялык "Вега" концерни ишке ашырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0