Дарыяга көмүр агып... Өзгөндө 7 айылды суусуз калтырган "Кум-Бел" кени изилденет

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кум-Бел" көмүр кениндеги топурак аралаш көмүр Зергер дарыясына кошулуп, Өзгөндөгү жети айылдын эли таза суусуз калган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун "Кум-Бел" көмүр кениндеги жагдайга карата ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аталган кенден чыккан кир суу Зергер дарыясына кошулуп, Оштогу Өзгөн районуна караштуу жети айыл (Токтогул, Алтыбай, Жаңы Айыл, Кайрат, Ак-Коргон, Аюу, Зергер) таза суусуз калганын жазып чыккан. Агенттикке Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Дилмухамед Бокошев кенди иштеткен компания булак башына көмүр аралаш топуракты үйө бергендиктен ушундай жагдай жаралганын айтып берген.

Өкмөттүн маалыматына караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын курамына Транспорт жана жолдор министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди.

"Учурда "Кум-Бел" көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатат. Ошондой эле суунун курамын текшерүү үчүн үлгү алынды", — деп айтылат маалыматта.

Түзүлгөн жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен кендин мындан ары иштер-иштебеси боюнча сунуштар киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0