Чүйдө жер титиреди

© AFP / NICOLAS ASFOURIСлучаи землетрясения в Кыргызстане
Случаи землетрясения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин титирегени Панфилов районунун Өтмөк айылында сезилген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин титирегени Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0