ИИК, ПНК, МФК... Кыскартылган бул сөздөрдү милиция гана түшүнөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан аббревиатураларды чечмеледи.

Күнүмдүк турмушта бул сөздөрдү угуп эле жүрөбүз, бирок кыскартылганын көргөндө бир саамга такала түшөбүз…

Материалда ИИМдин өз алдынча кызматтарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн аталышы тизмектелип, маалымат министрликтин сайтынан алынды.

ТК — Тергөө кызматы;
КБ — Криминалистика башкармалыгы;
ИИК — Ички иликтөө кызматы;
ПНК — Патрулдук-нөөмөт кызматы;
МФК — Мамлекеттик фельдъегерлик кызматы;
ИАК — Ички аудит кызматы;
АБП — Атайын багыттагы полк;
КМК — Криминалдык милиция кызматы;
КББ — Кадрлар башкы башкармалыгы;
ИИБ — Ички иштер бөлүмү;
ИИББ — Ички иштер башкы башкармалыгы;
РИИБ — Райондук ички иштер башкармалыгы;
ОИИББ — Облустук ички иштер башкы башкармалыгы;
ШИИББ — Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы;
ЖККББ — Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы;
КККК — Коомдун коопсуздугун коргоо кызматы;
ФЧКББ — Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы;
ТИИБ — Транспорттогу ички иштер башкармалыгы;
МТББ — Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы;
КДББ — Кесиптик жана дене тарбиялык даярдоо башкармалыгы;
УКЭКБ — Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгы;
БМЖККК — Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы;
ЭММККК — Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы;
МАККББ — Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы;
ККАТБ — Криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгы.

Эгерде ак халатчандардын тилин түшүнгүңүз келсе, ага да өзүнчө "Тибиртке" даярдалган.

Ошондой эле диний сөздөрдүн да мааниси чечмелегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0