Айып пулун камдап алып Жогорку Кеңешти көздөй түкүргөн киши изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал түкүргөндөн кийин 5500 сомун санап, "айып пулуңарды келип алып кеткиле" деп кайрылган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Социалдык тармактарда Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген кишинин видеосу тарады.

Анда ал: "Мамлекет башчылары чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат",- деп кайрылган. 

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте түкүрдү делген аялдын чуусу. Окуя чындыгында кандай болгон
Ошондой эле мамлекетти уурдап жегендерге жана карызга батыргандарга нааразычылыгын билдирип, Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүргөн.

Андан кийин 5500 сомун санап, "Айып пулуңарды келип алып кеткиле",- деген.

Шаардык милициянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргени боюнча, учурда Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери эреже бузган кишини жазага тартуу үчүн издеп жатат.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө карата 5500 сом айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0