Кытай компаниясы булак башына таштанды үйүп, Өзгөн элин таза суусуз калтырдыбы

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Алтай, Алтайский край
Регионы России. Республика Алтай, Алтайский край - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү документтер менен Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылганы турат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда көмүр казган кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүнөн улам жети айылдын жашоочулары ичээр суусуз калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Элеттиктердин айтымында, Сузак районундагы көмүр кенинен чыккан кир суу Зергер дарыясына кошулуп айылдыктар таза сууга зар болууда.

"Кытайлар Кум-Бел кенинде көптөн бери көмүр казып иштешет. Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнүн курамына кирген биздин Токтогул, Алтыбай, Жаңы Айыл, Кайрат, Ак-Коргон, Аюу, Зергер айылдары бир дарыядан суу ичип, малды да ошол жактан сугарабыз. Анткени бизде таза суу жок. Азыр ал жакта сасыган, баткак суу агып жаткандыктан эмне кылаарыбызды билбей калдык", — деди жергиликтүү тургун Келдибай Калдаров.

Ал эми Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Дилмухаммед Бокошев тоонун башындагы кен текшерилгендигин айтты.

"Буга чейин мындай болгон эмес, акыркы 4-5 күндөн бери ушундай кир суу агып калды. Комиссия түзүлүп, ал кенде иш убактылуу токтотулду. Көрсө, алар булактын үстүнө көмүр аралаш топуракты үйө беришиптир. Убакыт өтүп анын алдындагы суу жарып чыгып, ылай суу Зергер дарыясына кошулууда", — деди Бокошев.

Ал ошондой эле учурда кендин айланасындагы экологиялык көйгөйлөр боюнча тийиштүү документтер жана видеоматериалдар Жогорку Кеңеш менен өкмөткө жиберүү үчүн даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

Sputnik агенттиги бул маселе боюнча кенди иштеткен компанияга кайрылууну көздөдү. Бирок Сузак (Жалал-Абад) менен Өзгөндүн (Ош) жергиликтүү бийлик өкүлдөрү компаниянын аталышын, ээсинин аты-жөнүн тактап бере алышкан жок.

Собрание сельчан Мин-Булак против месторождения Солтон-Сары - Sputnik Кыргызстан
Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршыбыз! Нарын эли жыйын курууда
Ошондой эле Кыргызстандагы жаңы жылдык дем алыш күндөрүнө байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен комментарий алууга мүмкүн болбоду. Сайты дагы иштебей турат. Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаев жаралган жагдайдын чоо-жайын тактап берүүнү убадалады.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кум-Бел көмүр кенин он жылдан ашык убакыттан бери жеке тараптар иштетип келгени белгилүү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын жүрүшүнө көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0