Жетекчи экенинен сыр бербеген сулуулар. Өлкөнүн суктанткан 8 ишкер айымы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАйымдар. Архив
Айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйкүмдүү, назик жылмайган бул кыздар темирдей бекемдиги, сабырдуулугу жана көтөрүмдүүлүгү менен ийгиликке жеткен.

Жаш, татына бийкечтер үлгү болуу менен бирге бизнеске ким жакыныраак экени тууралуу көндүм пикирлерди четке кагышат. Sputnik Кыргызстандын редакциясы бул түрмөктө ары сулуу, ары акылдуу, ишкерлик жана жетекчилик сапаттарынан сабак алгыдай сегиз кыз тууралуу маалыматты тизмектеди.

© Фото / Рустам ТалиповТөрт дүкөнгө ээси Фатима Жумабаева
Бизнесвумен Фатима Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Төрт дүкөнгө ээси Фатима Жумабаева

Фатима Жумабаева төрт дүкөнгө ээлик кылат. Алгачкы акчасын ал 8-класста окуп жүргөнүндө эле тапкан. Ал эми 18ге толгондо Түштүк Кореяга окууга кетүүнү чечет. Ал өлкөдө анын жашоосун түшкө кирбеген бир окуя аңтар-теңтер кылган. Жолдуу кыз көчөдөн акча шыкалган капчык таап алат. Табылга Samsung компаниясынын топ-менеджерине таандык болот, кийин ал кыргызстандык кызды өз ишканасына жумушка алат. Бирок Фатима баары бир мекенге кайтып, корей косметика дүкөнүн ачат. Айтмакчы, анын ысымын алган атырлар да чыгарылган!

© Фото / Саламат ИмановРесторан, отель, спорттук борборлор камтылган түйүндүн PR-директору Инабат Латипова
PR-директор Навигатор групп Инабат Латипова - Sputnik Кыргызстан
Ресторан, отель, спорттук борборлор камтылган түйүндүн PR-директору Инабат Латипова

Инабат Латипова — ресторан, отель, спорттук борборлор камтылган түйүндүн PR-директору. Бул айым дагы башка каармандардай эле майда кадамдан баштап, адегенде калаадагы алдыңкы саптагы ресторанга SMM-адиси болуп орношкон. Баса, буга ал өзүнүн Twitter айдыңындагы окурмандары оголе көп баракчасы аркылуу жеткен. Өзүнүн эпчилдигин көрсөтө алган соң штатка алынат. Азыр Инабат өзү иштеген түйүндүн кадыр-баркын көтөрүүгө жооптуу, байланышты арттырат, иш-чараларды уюштурат, ошондой эле иши менен энелик, жубайлык милдеттерин айкалыштырып келет.

© Фото / Glasner Christian Өздүк кийим маркасын ээси Гүлнур Тоялиева
Основательница собственного бренда одежды Гульнур Тоялиева  - Sputnik Кыргызстан
Өздүк кийим маркасын ээси Гүлнур Тоялиева

Гүлнур Тоялиева өздүк кийим маркасын жараткан. Анын баянынын башаты жомок сымал, бирок жарымына чейин гана… Жумушунда швейцариялык жигит менен таанышат, ал акылдан тана ашык болуп, биздин кызды Европага алып кетет. Бирок үй-бүлөлүк бактысы узакка созулган эмес, күйөөсү Гүлнурга кол көтөрөт, кыргызстандык кыз колундагы ымыркайы менен үйдөн чыгып кетет. Кыйынчылык аны менен токтобойт, Гүлнур катуу автокырсыкка кабылат. Бирок ага да жеңилип бербестен, билек түрүнө тилектерин орундатууга кайра умтулат. Кыргызстандык кыз өз коллекциясын жаратууга жетише алган, азыр анын кийимдери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сатылууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке балдар бакчасынын ээси Жанаргүл Нарматова
Владелец частного детского сада в Бишкеке Жанаргуль Нарматова  - Sputnik Кыргызстан
Жеке балдар бакчасынын ээси Жанаргүл Нарматова

Жанаргүл Нарматова турак жайында өз бизнесин уюштурган, анүчүн ага насыя алуунун деле зарылчылыгы болгон эмес! Бул үлбүрөгөн назик кыргызстандык кызды көргөнүңүздө тызылдаган мээнеткеч жан экендигин дароо аңдай албайсыз. Германияда жашап жүргөнүндө ага өз ишин түптөө боюнча ой жаралат. Кыргызстанда жеке балдар бакчасын ачууну чечет. Алгачкы эки жылда Жанаргүл эч кандай пайда көргөн эмес, каражатынын баары долбоорду өрчүтүүгө жумшалган. Бирок көп киреше табууну башкы маселе деп санабайт, анткени өз аракетин социалдык ишкерлик деп атайт.

© Фото / DreamteamРесторан түйүндөрүнүн ээси, Кыргызстандагы аялдар арасындагы футбол ассоциациясын жетекчиси Бермет Төлөгөнова
Владелица ресторанов, президент Ассоциации женского футбола КР Бермет Тологонова - Sputnik Кыргызстан
Ресторан түйүндөрүнүн ээси, Кыргызстандагы аялдар арасындагы футбол ассоциациясын жетекчиси Бермет Төлөгөнова

Бермет Төлөгөнованын ресторан түйүндөрү бар. Ошондой эле ал Кыргызстандагы аялдар арасындагы футбол ассоциациясын жетектейт. Жакындан тааныбагандар бул таасирдүү айымга бизнес белекке келгендей, оокаттуу жолдошунан калгандай туюлат. Бирок Берметтин өмүр баянындагы бир нече факты андай ойлорду жайкап кетет. Миллионерден араң ажырашкан соң бул айым үй-бүлөлүк ири бизнестен калган талкаланган кафенин ишин кайра жандандыра алган…

© Фото / Марета КелиговаСулуулук салонунун ээси Кристина Кузьмина
Бизнесвумен Кристина Кузьмина - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук салонунун ээси Кристина Кузьмина

Кристина Кузьмина өз күчү менен сулуулук салонун ачкан. Мурда бул кыз модель болуп иштегени сизди таң калтырбаса деле керек, аныкындай татына келбеттүү кыздар журнал мукабаларынан түшмөк эмес. Бирок кыргызстандык илмийген бийкеч насыя, салыктык текшерүүлөр, бухгалтердик ишти көтөрө алгыдай күчтүү чыкты. Ишкер кыз кол алдындагыларга катаал жетекчи, себеби, анын пикиринде, достук мамиле иште жакшы жыйынтык бербейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстетикалык медицина борборунун ээси Галина Горноженко
Владелец частной клиники Галина Горноженко - Sputnik Кыргызстан
Эстетикалык медицина борборунун ээси Галина Горноженко

Галина Горноженко эстетикалык медицина борборун ачкан. Тагдыр татына бул кызды кандай гана абалга кабылтпады. Өспүрүм курагында айылдык чарбада эмгектенген, талаадагы мээнеттен улам тырмак өстүрүүнү унуттурган. Кийин борбор шаарга келет, тыйынына чейин эсептеп сарамжалдык менен күн кечирет. Мамлекеттик каналда жети жыл эмгектенгенден кийин Галина үчүн иштин кызыгы тарайт. Жеке бизнесин ачууну ойлонуштурат. Ар кыл тармакта өзүнүн күчүн сынап көргөн соң эстетикалык медицина клиникасын ачкан. Өзү мойнуна алгандай, имаратты оңдоп-түзөө эле анын канча нервин жеген.

© Фото / Ажара ШабдановаКыргызстанда ири ресторан түйүнүн жетекчиси Гүзел Камбарова
Генеральный директор сети ресторанов Гузеля Камбарова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ири ресторан түйүнүн жетекчиси Гүзел Камбарова

Гүзел Камбарова Кыргызстанда ири ресторан түйүнүн жетектейт. Ал ийгиликтин туу чокусуна жетүү үчүн эң төмөнкү деңгээлден баштаган, өз убагында ал идиш жуугуч жана официант да болуп иштеген. Гүзел дайым өз курбалдаштарынан алдыда эле: 14 жашында жогорку окуу жайына тапшырып, 22 жашка толгондо Питердеги эки ресторанды жетектеген. Он жылдан соң эбегейсиз түйүндү көзөмөлдөө вазийпасы жүктөлгөн. Ушул тапта ал жетектеген жети ресторан иштейт, дагы үчөөнүн курулушу жүрүп жатат.

Айтмакчы, кыргызстандык кыйын кыздардан баянды улай дагы бир кызык бизнес долбоорун түзгөн бишкектик ишкер айым Лаура Жоробекованын да маегине көз жүгүртүңүз, андан да көптү үйрөнүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0