Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек

© AFP / STRАбактагы аял. Архив
Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир топко чейин аны тыңдап отурдум. Төрт айыпталуучунун ичинен ошол жигит кылган айыбынан көбүрөөк азап чегип тургандай. Жашоого акысы жок экенин кайра-кайра кайталай берди. Ал тургай, киши колдуу болгондордун туугандары да ага ырайым кылууну өтүнүшкөн..." — деп эскерет маектеш.

Жактоочу Жанара Аскар кызы эң катаал, тактыкты талап кылган оор иштерди алат. Маселен, диний маселеден улам жасалган кылмыштан жабыркагандарды жактайт. Дасыккан юрист өзүнүн татаал ишинин купуя жагынан кеп салды.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдвокат Жанара Аскар кызы акыркы убакта диний маселеден улам жасалган кылмыштан жабыркагандарды жактап келет
Адвокат Жанара Аскар кызы - Sputnik Кыргызстан
Адвокат Жанара Аскар кызы акыркы убакта диний маселеден улам жасалган кылмыштан жабыркагандарды жактап келет

— Алгачкы ишиңиз туурасында айтып берсеңиз?

— Ал өзгөчө оор кылмыш эле. Топтошкон кылмышкерлер бүтүндөй үй-бүлөнү кырып салган. Жубайлардын өмүрү уулу менен бир күндө кыйылган. Жан алгандар тоноп, баюуну гана көздөшкөн, бирок ал үйдөн көп акча таба алышкан эмес.

Мен ошол төрт киши өлтүргүчкө жактоочулук кылгам, алар жакыр бүлөдөн эле. Узакка баарлаштык. Өп-чап турмуш кечирген катардагы мээнеткеч адамдардын балдары болчу.

Бетин жаап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атасы зордуктаган наристе кыздын айтып бергени сотту да ыйлаткан. Адвокат менен маек
Уландардын бири ошол күнү атасы иштен ачуулуу келип "сен тамак жеп эле отурасың, ал эми мен сени багыш үчүн эшектей иштеп жүрөм" деп уулуна бир тийгенин көз жаш аралаш айтып берди. Балдардын төртөө тең үй-бүлөгө көмөктөшө албагандыгы үчүн өздөрүн айыптуу сезишкен.

Ошентип жүрүп оокаттуу коңшусунун үйүн тоноону чечишет. Ал кошуналар уулу 18 жашка толгонунда автомобиль белекке беришкенинен кабардар эле, андыктан, акчасы көп деп ойлошкон.

Өспүрүмдөр беткап тагынып үйгө киришет, бирок жабырлануучулар ойгонуп, аларга каршылык көрсөтөт. Балдардын биринин беткабы чечилип кетет. Таанып калышты деп коркуп алар бүт үй-бүлөнү бычактап салышкан.

— Бооруңуз ачыдыбы? Бир жагынан алар бейкүнөө адамдарды өлтүрүшкөн, экинчи тараптан, байкуш балдарды да кантип жек көрүүгө болот?

— Албетте, кылмыш жазасыз калбоого тийиш, бирок адамды таптакыр эле инсан катарынан чыгарып коюуга болбойт. Бул балдар ар кандай абалда болушту, топтун башчысы колго түшкөнүнө гана кейиди. Калган үчөө кылмыш жасаганына өкүнүп турушту.

Алардын ичинен айрыкча бири жадымда калды. Күнөөсүн толугу менен сезип, сотто боздоп ыйлады. Ал өспүрүм жашоого акысы жогун кайталай берди. Өз жанын кыюуга да аракет кылган.

Сот жараянында маркумдардын туугандары да ага ырайым кылууну өтүнүштү. Ал балага 25 жыл берилди, дагы экөө өмүр бою эркинен ажыратылды. Мен алигүнчө анын үй-бүлөсү менен байланышып турам.

Азыр ал темир тор артында, бирок сүйлөшкөн кызы менен баш кошту, чүрпөлүү да болушту. Бир жылдан кийин ал абактан чыгат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖактоочу: кылмыш жазасыз калбоого тийиш, бирок адамды таптакыр эле инсан катарынан чыгарып коюуга болбойт.
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жактоочу: кылмыш жазасыз калбоого тийиш, бирок адамды таптакыр эле инсан катарынан чыгарып коюуга болбойт.

— Азыр сиз диний өзөктүү иштер менен алек экенсиз. Бул жөнүндө ачык жарыялоого да болбойт эмеспи…

— Чындыгында бул иштер тууралуу айтуу зарыл. Бийлик калк менен иш алпарып, Кыргызстанда ар кыл динди тутунган адамдар жашарын, баарына сый мамиле кылуу керектигин түшүндүрүү керек.

Көпчүлүк айрым жоруктар үчүн жоопко тартыларын да биле бербейт! Жалал-Абад облусундагы баптизмди карманган аялга жергиликтүү тургундар айылдагы мүрзөдөн орун бөлүүгө уруксат бербегенинен улам үч ирет казылып көмүлгөнү эсиңиздердеби?

Жоопко тартылган жигиттер кийин көздөрүнө жаш алып, кылгандарына өкүнүштү. Алар сөөктү казып, башка жакка көчүрүү кылмыш экендигин билишкен эмес. "Биз эч качан мындайга бармак эмеспиз!" дешкен алар тергөөчүлөргө.

Ыктыярчы Айгерим Тургунбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы: уулунун туулган күнүнө бараткан атасын жолдон мууздап кетишти
Нарында болгон дагы бир окуяны айтып берейин. Айылдардын бирине кайрымдуулук уюмунан ыктыярчылар келет. Алар балдарга белек-бечкек беришмек, баары айыл өкмөт, мектеп директору менен макулдашылган. Салтанаттуу жыйында окуучуларга белек берилет, бирок ошол маалда мектепке ислам дининин радикалдуу агымындагы бир нече киши кирип келет. Алар ошол кайрымдуулук иш-чарасынын уюштуруучусу протестантизмди карманарын билип алышыптыр, ыктыярчыларды, мектеп директорун, айыл өкмөтүнүн өкүлүн сабашкан. Белек-бечкектерди окуучулардан тартып алып, отко жагып, оюнчук жана таттууларды өрттөп салышкан. Радикалдар ыктыярчыларды да өрттөөгө ниеттенишет, бирок аял мугалимдер алардын жолун тороп, жабырлануучулар аман калышкан.

Жергиликтүү милиция кылмыш ишин козгоодон баш тартат, аргасыз ыктыярчылар жардам сурап мага кайрылышыптыр. Мен Нарын облустук ИИБге арыз жаздым. Дароо айтып коеюн, милиционерлер жок дешпеди, шектүү адамдарды бөлүмгө алып келишти. Ошол эле күнү таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен куралданган кыштактын тургундары чогулуп, кармалгандар кое берилбесе, имаратты өрттөп жиберерин айтып коркутушту.

Ошондо ИИБдин жетекчиси Куранды колуна кармай чыгып элге: "Мына мен мусулманмын, ошону менен бирге мамлекет менен мыйзамды коргойм. Ар бириңиздер тынч уктап, өз өмүрү үчүн коркпой жашоосу үчүн иштейм. Эгер өмүрүңүздөргө кимдир бирөө кооптуулук туудурса, сизге жардам берүүгө колумдан келгенин бүт жасайм. Бул кишилерди биз диний ишениминен улам эмес, кылмышка баргандыктары үчүн кармадык. Азыркы сиздердин аракет да мыйзамга жат. Эгер сиздер азыр узап кетпесеңиздер, сиздерди да камоого мажбур болом", — деп кайрылды.

Ал туура сөздү өз маалында айтты, эл тынч тарап кетти. Айылдыктар эгер кылмышка барсаң, артынан жазага да тартыласың деген жөнөкөй нерсени түшүнүштү.

Диний өзөктүү ар бир жаңжал бийликтин кетирген катачылыгы экендигин айтар элем. Мындай аракеттер капысынан гана жаралбайт. Ушул негизде чыр-чатак чыкса, демек, бул аткаминерлер бир нерсени көңүлдөн тыш калтырган же калкка мыйзамдардын аткарылышынын маанилүүлүгүн жеткире түшүндүрө алган эмес.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖанара Аскар кызы: Бийлик калк менен иш алпарып, Кыргызстанда ар кыл динди тутунган адамдар жашарын, баарына сый мамиле кылуу керектигин түшүндүрүү керек. Көпчүлүк айрым жоруктар үчүн жоопко тартыларын да биле бербейт!
Рассмотрение апелляции на арест А. Кокорина и П. Мамаева - Sputnik Кыргызстан
Жанара Аскар кызы: Бийлик калк менен иш алпарып, Кыргызстанда ар кыл динди тутунган адамдар жашарын, баарына сый мамиле кылуу керектигин түшүндүрүү керек. Көпчүлүк айрым жоруктар үчүн жоопко тартыларын да биле бербейт!

— Эл айрым диний агымдарды секталар менен алмаштырып алышат өңдөнөт.

— Мыйзам сектага төмөнкүчө аныктама берет: бул өзүн өзгөчө, бөлөкчө, тандалма уюм катары санап, башка диний ишенимдерди кабыл албайт. Мамлекет кайсы агымга тыюу салынышы керектигин сот аркылуу гана чечет.

Зордук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Келинине кол салган кайнага сөрөй. Декабрдагы чуулуу окуялар
Диндер тууралуу, анын ичинде өз диний ишенимине терс мамиле билимдин жетишсиздигинен улам жаралат. Совет маалында деле ар кыл динди тутунгандар — мусулман, православ, протестант, баптист, теңирчилер ынтымакташып жашашкан.

Айрым диний лидерлердин тийишүү билими жок, алар калкка туура эмес маалыматтарды жайылтууда. Жарандарыбызды калыс болууга, өз акылы менен ой жүгүртүүгө жана радикалдуу маанайдагы адамдардын таасирине берилбөөгө чакырар элем. Биз Кыргызстандын келечегине биргеликте кам көрүүгө тийишпиз.

— Кимдир бирөөнү жактоодон баш тартууга туура келген учуруңуз болду беле?

— Эки ирет. Бир жолу мага азыркы бийликтин өкүлү кайрылган. Ал татаал махинацияны бейкапар уланта берүү үчүн бул ишмердикти юридикалык жол менен жайкоого жардамдашуумду өтүнгөн.

Кылмышты кубаттагым келген жок, андай нерсе менин принциптериме туура келбейт. Ага көмөктөшүүдөн баш тарткам. Экинчи бир учурду да көпкө унута албай жүрдүм. Жети бир тууган ата-энеден калган мурасты бөлүшө албай убара болушкан. Маркум ата-эне балдарына бирден батир калтырыптыр. Аянтындагы айырма гана жатындаштарды жаңжалдаштырган экен.

Эң чакан батирге ээ болгон аял улуу эжесин сотко берип, анын сырын ортого төккөн. Көрсө, жетөөнүн тең мыйзам алдында жүзү жарык эмес экен. Соңунда баары темир тор артына түштү. Кээ бирлеринин кыймылсыз мүлкү камакка алынды. Акылга сыйгыс кырдаал! Адегенде эже-сиңдилердин биринин жактоочусу элем, элдешет деген үмүтүм бар эле. Аял акырына дейре күрөшүүнү чечкен соң, иштен баш тартууга аргасыз болдум. Үй-бүлөдөгү чыр тынч чечилиши керек деген пикирдемин.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдвокат: Диний өзөктүү ар бир жаңжал бийликтин кетирген катачылыгы экендигин айтар элем. Мындай аракеттер капысынан гана жаралбайт.
Адвокат Жанара Аскар кызы - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Диний өзөктүү ар бир жаңжал бийликтин кетирген катачылыгы экендигин айтар элем. Мындай аракеттер капысынан гана жаралбайт.

— Кайсы ишиңиз менен көбүрөөк сыймыктанасыз?

— Жалал-Абад облусунан бир атаны жактадым. Баңгизат боюнча төрт ирет соттолгон экен. Баарын түшүнүп, карыялык доорун тынч сүрүп жаткан кишиге укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир нече грамм баңгизат салып коюп, жоопко тартышкан. Бети ачылган кылмыш иштеринин санын көбөйтүү үчүн тартип сакчылары кээде өздөрү баарын жасалмалай турганы жашыруун сыр эмес.

Ошол кезде мен мамлекеттик жактоочу элем. Ишти изилдип чыгып, жакталуучума баңгизатты астыртан салып коюшканын түшүндүм. Далил топтоп, иликтөө жүргүздүм. Күбөлөрдүн бири ал киши кармалганын көрүшү эч мүмкүн эмес, ал ошол тапта башка шаарда экен! Ошентип акыры башка фактылар да ачылды.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев - Sputnik Кыргызстан
"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек
Көйгөйдүн баары ал карыяны изоляторго камашканында. Андай жайда дааратканын ордуна чака коюлат, бир нече киши кармалат. Ал эми ал кургак учук менен ооруп сакайган экен…

Тергөөдөгү көп мыйзам бузууларды таап чыгып, эң адилет киши — прокурор Ибраевге бардым. Баарын алдына жая көрсөтүп, айыпталуучуну эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы менен чыгарууну өтүндүм. Прокурор ошондо мага: "Сага бир жараян үчүн 500 сом төлөнөт. Бул ишти иликтегениң үчүн сен андан көп чыгым болупсуң. Эмнеге?" — деген суроо узатты.

"Эгер ал абакта көз жумса, күнөө сизде, менде. Мен жок дегенде аны куткарып калууга тырышып жатам! Ооба, ал мурда да отуруп чыккан, бирок жасаганын мойну менен тарткан. Азыр кары кишини айыпсыз эле өлтүргөнү турабыз", – деп жооп бердим.

Прокурор мага үңүлө карады, андан соң карыя үй камагына чыгарылды. Сотто акталып чыкты. Сот чечимин укканда карыя тизелеп ыраазычылыгын билдирди.

Азыр соттордо адилеттүүлүк алда канча аз. Эмнегедир соттор үчүн актоочу өкүмдөр өлүмгө тете. Алар жогорку инстанция кокус алардын чечимин мыйзамсыз деп таап калса, эмне болот деп чочулашат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖанара Аскар кызы: Бир жолу мага азыркы бийликтин өкүлү кайрылган. Ал татаал махинацияны бейкапар уланта берүү үчүн бул ишмердикти юридикалык жол менен жайкоого жардамдашуумду өтүнгөн.
Адвокат Жанара Аскар кызы  - Sputnik Кыргызстан
Жанара Аскар кызы: Бир жолу мага азыркы бийликтин өкүлү кайрылган. Ал татаал махинацияны бейкапар уланта берүү үчүн бул ишмердикти юридикалык жол менен жайкоого жардамдашуумду өтүнгөн.

— Сот өкүмүн мыйзам боюнча эмес, абийирге таянып чыгарган учуру болдубу?

— Ооба. Бир аялга жактоочулук кылгам. Түрмөдөн чыкканына бир жыл болуптур. Россиядан кызын издеп келген экен. Аны таба албайт, бирок беш жашар небереси табылат.

Бактылуу таене кетүүгө камынган кезде аны тоноп кетишет. Ал эч кандай документсиз калып, бир карыянын чакан тамын ижарага алат. Кыш мезгили. Бир күнү аялга ижарачы киши тийишет, аял каршылык көрсөтөт. Карыя: "Сен ушинтесиңби? Анда баланы ал да, жогол үйдөн", — деп кыйкырат.

"Чыкыроон убак, кыз ооруп, эти ысып жаткан. Эмне болгонун өзүм да билбейм. Бычакты алып эле ага бир урдум", — дейт аял.

Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Жолдошумдун арбагы келип "мени кое бер" деп өтүндү. Жесир калган келиндин ыйы
Киши өлтүрүү аракети үчүн айыптап, аны 12 жылга эркинен ажыратышкан. Негизи мындай берене менен бул эң аз мөөнөттөгү жаза. Сакайып калган карыя сот залында күлүмсүрөп коюп отурат, ал эми кичинекей кыз интернатка жөнөтүлгөн. Айыпталуучу апелляцияга көпкө чейин көнбөй жатып, бирок мен аны акыры ынандырдым.

Документтин текстин мен Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерине ылайык эмес, Кудайга болгон ишенимге таянып жазгам. Ишти үч сот карады. Өз сөзүмдү: "Эгер Кудайдан ырайым алууну кааласаңыз, өзүңүздөр ырайымдуу болууга үйрөнүшүңүздөр керек. Аял кылмышка барганын эч ким тана албайт. Бирок биз сиздерден ырайым күтөбүз",- деп баштадым.

Соттордун кыжырын келтирдим көрүнөт, алар: "Жактоочу, ток этер жерин айтыңызчы",- дешти. Күнөө, Кудай, адамдар туурасында узун кеп кылдым… "Ким муктаж болсо, биз ага ырайым кылууга тийишпиз. Эң төмөнкү мөөнөттөн да кыскартууңуздарды өтүнөм",- дедим.

Соттор кеңешүүчү бөлмөгө абдан ачуулуу чыгышты. Жакшы ниет менен ишти бузуп албагай элем деп корктум. Акыры алар чыгып: "Келтирилген бардык жүйөлөрдү эске алуу менен жактоочунун апелляциясын канааттандырабыз. Анан да мындан ары Кудайды атоо менен басым кылуунун зарылчылыгы жок!" — дешпеспи.

Айыпталып жаткан аял 12 жылдын ордуна алты жыл жазасын өтөп чыкты. Кийин анын документтерин кайра даярдап беришти, интернаттан небересин алып Россия кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0