Эсенбү Нурманбетованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

Жазылуу
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. КР эл артисти, белгилүү опера ырчысы Эсенбү Нуманбетованын сөөгү 4-январь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюла турганын маркумдун кесиптештери кабарлады.

Эскерте кетсек, өнөрпоз оорудан улам 3-январда өз үйүндө көз жумган.

"Акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү эмгектенген Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, саат 10.00дө башталат. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат", — дешти кесиптештери.

Эсенбү Нурманбетова 1984-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеген.

62 жаштагы артист соңку учурларда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучулукту да аркалап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0