Ысык-Көлдө мас айдоочуга алгачкы жолу 17,5 миң сом айып салынды. Сүрөт

Жазылуу
Айып пулду айдоочу бир айдын ичинде төлөп бериши керек.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Каракол шаарында алгачкы мас айдоочу кармалып, ага КРдин Административдик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 17 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиШтраф за вождение авто в нетрезвом виде
Штраф за вождение авто в нетрезвом виде - Sputnik Кыргызстан
Штраф за вождение авто в нетрезвом виде

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта Жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандагы айып пулдардын суммасы өзгөртүлүп, Административдик кодекс жаңыланды. Мурда автоунааны мас болуп айдаганы үчүн айдоочу 10 миң сом айыпка жыгылса, эми  катардагы айдоочулар 17 500, ал эми кызматтагылар 55 000 сомго чейин төлөйт.

"Алгачкы айдоочу Каракол шаарында 1-январь күнү саат 13.10до кармалды. Жол инспектору Mercedes-Benz унаасын токтотуп, айдоочудан ичимдик жыттанып жатканын сезген. Наркологиялык текшерүүгө алып барганда анын ичип алганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу айып пулду бир айдын ичинде төлөшү зарыл. Убагында бере албай калса, ар бир күн үчүн айыптын өлчөмүнүн 0,05 пайызына барабар кошумча акчага жыгылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0