Ажылык сапарга кантип барса болот? 2019-жылдагы каттоо убактысы, талаптары

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в городе Медина
Паломники в городе Медина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият ажыга баруу үчүн электрондук каттоого турам дегендерге талаптарын да жарыялады.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдагы ажылык сапарга талапкерлерди каттоо 9-январдан тарта башталып, 31-январга, кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул туурасында КРдин Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Талапкерлер КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 500  доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлө тургандыгы айтылган.

Ажыга баруу үчүн электрондук каттоого турам дегендер үчүн талаптар:

Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат
1. 2019-жылы Ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт;

2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК Банкына (Ажылык-2019 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы;

3. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (Ажылык-2019 эсебине) төлөнгөн (700сом) квитациясынын түп нускасы;

4. Ажыга бара турчунун жашаган жериндеги каттоосу 2018-жылдын 10-августунан кем болбоосу шарт. Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы;

5. Тышкы паспорту.

  • Биометрикалык паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл;
  • Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2020-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз деп эсептелет.

6. Аял киши үчүн махрамдын (жакын кишиси — ред.) болуусу шарт.

  • Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса, туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1974-жылы май айында төрөлсө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми июнь айында төрөлсө, документтин түп нускасы талап кылынат.

7. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.

  • Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт;
  • Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт;
  • Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп эсептелет;

8. №086 формасындагы медициналык тактама;

  • Ажыга бара турчунун ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуулугу;

9. Келишимге кол койдуруу жана Ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот);

Президент Сооронбай Жээнбеков айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кудайдан коркконум көп нерседен сактайт. Жээнбеков дин тууралуу
10. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу (Тышкы паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот);

11. Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмүн жана жеке телефон номерин каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат;

12. Ажылыкка бара турчу жарандын жашы 18 жаштан кем болбоосу шарт (2019-жылы 18 жашка толо турчу жарандар ажыга барууга укуктуу);

13. Сауд Араб Падышалыгы (САП) тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония) виза алуу учурунда мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болушу ыктымал. Чыгымдарды ажыга бара турчу өзү төлөөгө милдеттүү (Бул туурасында операторлор талапкерге тааныштырып, келишимге кол койдурганга милдеттүү).

Жаңылыктар түрмөгү
0