Саната Жумакадырова: жигитим гүлчөтай жасаганды үйрөнбөсөң болбойт деп жатат

© Фото / Чоро НурсейитовТелеведущая Саната Жумакадырова
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кыздын үнү таң эрте көпчүлүк үйлөрдө жаңырып турат. Элди уйкудан ойготуп, жакшы маанай тартуулайт.

Саната Жумакадырова теле жаатына келгенине 10 жыл болуптур. Учурда "Замана" берүүсүнүн алып баруучусу. Sputnik Кыргызстандын редакциясына баш багып иши, сүйүүсү, жада калса киреше булактары тууралуу дагы айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаната Жумакадырова: камера, микрофон жана эфирсиз жашоомду элестете албайм
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Саната Жумакадырова: камера, микрофон жана эфирсиз жашоомду элестете албайм

— Саната, эфирге чыкчу күнү канчада турасыз? Башкалар турсамбы, турбасамбы деп жаңы көз ача баштаганда ишке толук киришип, шакылдап сүйлөп туруу үчүн көп эмгек жумшалса керек?

— Э-эх… таңга маал уйкунун таттуусун айтпаңыз (жылмайып). Бирок иш деген иш, мойнуңа алгандан кийин аткарыш керек. Саат беште туруп, алтыда редакцияда болуп калам. Анан бир саат күзгүнүн маңдайында отурмай. Боеном, айтайын дегендеримди кайталап даярданам.

— Таңкы берүүгө кандайча барып калдыңыз эле?

— "Заманага" кастинг аркылуу өтүп кеттим. Бирок ага чейин стажер катары "Ала-Тоо" программасында, түнкү каналда жүрдүм. Эки-үч жыл жармашып, үйдөгүлөр кой дегенине карабай бекер иштедим. 

© Фото / предоставлено Санатой ЖумакадыровойАлып баруучу Саната Жумакадырова телеге келгенине 10 жылдын жүзү болду
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Саната Жумакадырова телеге келгенине 10 жылдын жүзү болду

— Телеге болгон сүйүү күчтүү экен да анда?

— Албетте. Камера, микрофон, эфир… Буларсыз жашоомду элестете албайм. Анын үстүнө ошол кезде "мен диктормун, алып баруучумун" деп абдан сыймыктануу менен айтчубуз. Азыр эми "блогермин же хейтермин"деп айтсаң, барктуураак болуп калбадыңбы. Ушул аркылуу акча таап же жылдызы жанып жаткандар аз эмес.

— Өзүңүз социалдык тармактардан каражат табасызбы?

— Социалдык тармактан акчалай пайда табыш үчүн көп иштөө зарыл. Буга дагы атайын убакыт бөлүп, контент беришиң керек. Күнүнө жок дегенде бир көрүнүп, өзүң тууралуу эске салып турушуң зарыл. Баракчама жазылгандардын саны аябай көп деп айта албайм (Instagram баракчасында 29 миңге жакын жазылуучусу бар — ред.). Бирок пайдасы жакшы эле тиет. Мисалы, кийим-кечек саткан дүкөндөр, сулуулук салондору кызматташкысы келет. "Акысыз эле кызмат көрсөтөлү, баракчаңызга биз жөнүндө жазып коюңузчу" деп суранышат. Мен сыяктуу эфирге чыккан кыздар үчүн бул жакшы эле жардам. 

© Фото / Улук БайбаковЖумакадырова: социалдык тармактар аркылуу жакшы киреше тапса болот
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Жумакадырова: социалдык тармактар аркылуу жакшы киреше тапса болот

— Баса, коомдук каналдын журналисттерине социалдык тармактарда кандайдыр бир чектөөлөр барбы? Мисалы, жетекчилик бул же тигил темада жазбагыла деп көзөмөлдөйбү?

— Саясий көз карашыбызды билдирип, шайлоо учурунда кайсы бир талапкер же партияга жан тартууга тыюу салынган. Андан башка талаптар деле жок. Ии баса, бир жолу баракчама "Урматтуу телекөрүүчүлөр, биз силер үчүн таң эрте туруп жумушка келебиз" деп жаза коем деп тил уккам. Жетекчилик "Эмнеге аныңды милдет кылып жатасың?" деп сынга алган. 

— Теледе иштөөнү романтика деп элестетишет. Чын эле ушундайбы?

— Кээ бирөөлөр "Сен ушинтип эле кичинекей айлыкка иштеп жүрө бересиңби? Же алган үйүң жок, же унааң жок" деп калышат. Бирок акчага сатып албай турган нерселер бар да. Бул — элдин сүйүүсү. Эл сени таанып, көргөн жерден "Сиз Санатасызбы?" деп ал-жайыңды сурап турса, ошонун өзү романтика да. Албетте, түйшүгү дагы көп. Бирок мен кесибимди абдан жакшы көрөм. 

© Фото / Нурбек МаматбековАлып баруучу "теледеги романтика — бул элдин сүйүүсү" деп эсептейт
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу "теледеги романтика — бул элдин сүйүүсү" деп эсептейт

— Айлык демекчи, негизги жумуштан тышкары каражат булагы барбы?

— Азыр мен төрт жерде иштейм. "Замана", "Маданият" каналдарында алып баруучу, бир жеке компаниянын жана бир ресторандын пиарчысымын. Болуп калганда концерт же тойлорду дагы алып бара коем.

— Тамадалардын көбү жигиттер эмеспи? Кыздарга суроо-талап кандай?

— Азыр көбүнчө кыз узатуу тойлоруна аял кишилерди чакырып калышты. Бул нерсе тенденцияга айланып бара жатат. Анткени кыз кишинин тоюн аялзаты алып барганы адептүүдөй көрүнөт. Мен жөнүндө кардарлар көбүнчө бири-биринен угуп эле чакыра беришет. Менимче, бул рекламанын эң мыкты жолу. 

© Фото / Улук БайбаковСаната 2019-жылды өзү үчүн үй-бүлө жылы деп жарыялап алды
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Саната 2019-жылды өзү үчүн үй-бүлө жылы деп жарыялап алды

— Үй оокаттарына, ашканага кандайсыз?

— Мурда сиңдим менен чогуу туруп, үй түйшүгүн сезбептирмин. Жумуштан келип, чарчадым деп жатып калчумун. Көрсө, ал кезде жүгүм аябай жеңил болгон экен. Азыр үйдү өзүм жыйнап, бардык жумуштарды өзүм кылып жатам. Тамакты болсо апам башынан эле жакшы жасатып үйрөткөн. Улуттук даамдардан олобо, быжы жасаганды, бозо салганды билем. Жөргөм түйөм. Болгону азыр гүлчөтай жасаганды үйрөнүш керек болуп жатат.

— Эмнеге гүлчөтайды?

— Буюрса, Таласка келин болгону турам. Жигитим "Бизде гүлчөтай менен шалдаманы жакшы көрүшөт, үйрөн. Аларды жасай албасаң болбойт" деп тамашалап калат. 

© Sputnik / Бегимай БакашеваЖумакадырова: учурда төрт жумушта эмгектенем
Телеведущая Саната Жумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Жумакадырова: учурда төрт жумушта эмгектенем

— Анда тойго аз калган турбайбы?

— Буюрса деп турабыз. 2019-жылды өзүм үчүн үй-бүлө жылы деп белгилеп койдум.

Жаңылыктар түрмөгү
0