2019-жылы аба ырайы кандай болот? Дүйнөлүк илимпоздордун божомолу

© AP Photo / Ariel SchalitЖара в Тель-Авиве
Жара в Тель-Авиве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги европалык жана америкалык окумуштуулардын иликтөөсүн карап көрдү.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жыл жаңырары менен дүйнөлүк илимпоздор 2019-жыл кандай болорун дароо боолголоп жиберишти. Sputnik ал иликтөөлөрдү карап көрүп, аба ырайы кандай болорун билди.

National Geographic басылмасынын маалыматы боюнча 2019-жылы мээ кайнаткан ысык болору күтүлүп жатат. Калифорния университетинин адистери мындай аба ырайы буга чейин боло электигин да айтышууда. 

Климат иликтөөчүсү Саманта Стивенсондун айтымында, Жердеги мындай кескин өзгөрүү Тынч океандын чыгышындагы суунун үстүңкү катмарынын температурасы көтөрүлгөнүнөн улам болот. Бул Эль-Ниньо феномени деп аталат.

"Эль-Ниньону эске алсак, бул жыл тарыхтагы эң аптаптуу мезгил болуп калат", — деди Стивенсон.

Көрсө, Эль-Ниньо феномени Тынч океандын экваториалдык бөлүгүндөгү суунун үстүңкү катмарынын температурасы өйдө-ылдый болгондо пайда болот экен. Бул кубулуш шамалга жана океандын түбүндөгү суунун жогорулашына тоскоолдук жаратат. Мындай көрүнүш жалпы климаттын абалына катуу таасир этет.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча тарыхта эң ысык мезгил болуп 2015-жылдан 2018-жылга чейинки убакыт болуп калды. Аны көмүр кычкыл газынын нормадан оголе көп бөлүнүп чыгышы шарттаган.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Январда аба ырайы былтыркыдан өзгөчө болот. Синоптиктердин божомолу
Россиянын Гидромет борбору 2019-жылы табигый кырсыктар, анын ичинде суу көп каптай турганын божомолдоп жатат. Мындай пикирди аталган мекеменин директору Дмитрий Киктев РИА Новости агенттиги менен маектешип жатып билдирген.

Анын айтымында, табигый кырсыктар климаттын жылышынан улам көбөйөт, кыш мурдагыдай аяздуу болбойт деп белгиленүүдө.

Франциядагы Океандын физикасы лабораториясынын жана Улуу Британиядагы Саутгемптон университетинин окумуштуулары алдыдагы беш жылдагы ысык адаттан тыш болорун жар салышты. Буга 2019-жыл да кирет. Алар мындай жыйынтыкка климатты божомолдоону өзү үйрөнүүчү моделди иштеп чыгуу менен келишкен.

Ага ылайык, 2018-2022-жылдары өтө эле ысык болот, бирок кооптуу көрсөткүчтөн ашпайт. Ал эми окумуштуулар Жердин орточо температурасы 0,5 градуска эле өзгөрүп кетсе, климат кескин бузулуп кетерин эскертип келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0