Кыргызстандын жарандыгын 550 киши алды. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
550 жаңы жарандын 89ун балдар түзөт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын алуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, КР жарандыгын 550 адам кабыл алган (461 чоң киши жана 89 бала), көп бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Тизме менен кененирээк өлкө башчынын сайтынан таанышууга болот.

29-декабрда президент Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, КРдин жарандыгынан 366 киши баш тарткан, анын 295и чоң адамдар болсо, 71и жаш балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0