Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка светофора на перекрестке улиц Баялинова и Орозбекова
Установка светофора на перекрестке улиц Баялинова и Орозбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык казынадан 500 миң сом сарпталды.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген. Жол оңдолгондон кийин Орозбеков менен жүргөн айдоочулар Баялинов (негизги жол) менен бараткан унааларга жол бербей келишкен. Анын кесепетинен кырсыктар көп болуп турган.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду
Бишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду
© пресс-служба мэрии города БишкекАталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген.
Аталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген.
1/2
Бишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду
2/2
Аталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген.

Шаар тургундары жолго светофор орнотуп берүүнү өтүнүп, аны мэрия октябрь айында колдогон.

Тендерди Vokko компаниясы жеңип келишим түзүлгөн. 20-декабрда алар жол чыракты орното баштаган. Буга шаардык казынадан 500 миң сом сарпталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0