Депутат Бакиров мугалимдер үчүн эстелик орнотууну сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал бир катар чет мамлекеттерде мугалимдер үчүн айкелдер бар экенин айтты.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров парламенттин жалпы жыйынында жаңы окуу жылына карата мугалим үчүн эстелик орнотууну сунуштап, өкмөт бул нерсени карап көрүшү керектигин айтты.

Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.

Бакиров Россиянын бир катар шаарларында жана башка мамлекеттерде мугалимдерди даңктап, атайын айкел орнотулганын билдирди.

"Көп мамлекеттерде мугалимдердин айкели бар, Россиянын бир катар шаарларында эстеликтер коюлган. Мына, биринчи мугалим Дүйшөн деп жүрөбүз. Биз да мугалимдерди эскерип, даңазалашыбыз керек", — деди депутат.

Эл өкүлү өкмөттөн бул сунушту карап чыгуусун өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0