Окумуштуулар кайсы муундун өмүрү кыскарып жатканын аныкташты

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Х жана Y муундарынын өкүлдөрү 2008-жылы жумуш таппай кыйналышкан.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Американын Дюк университетинин окумуштуулары Х (38-45 жаштагылар) жана Y (27-37 жаштагылар) муундарынын жашоосу кыскарып жатканын аныкташты. Бул тууралуу Science Daily сайтына шилтеме берип РИА Новисти жазды.

Маалыматка караганда, 2008-жылкы дүйнөлүк кризис учурунда Х жана Y муунунун өкүлдөрү 25 жана 43 жашта болгон.

"Ошол учурда алар жумуш издөө боюнча бир топ көйгөйлөргө кабылган. Иши, жан багар акчасы жок калган учурлар болуп, узакка созулган стрессте жүрүшкөн. Азыр ошонун залакасы тийип жатат", — деп айтышкан иликтөөнүн авторлору.

Булар көбүнчө баңгилик, аракечтик, диабет, рак илдеттеринен жана жол кырсыктарынан каза болору белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0