22:11 18 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады

Премьер-министр Абылгазиев Бишкек ТЭЦтин абалын көрүп чыкты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
136 0 0

Өкмөт башчы заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехин карап чыкты.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Абылгазиев от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты
    Абылгазиев от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Ошондой эле премьер-министр заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты
    Ошондой эле премьер-министр заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталганын маалымдады.
    ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталганын маалымдады.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 4
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады

Абылгазиев от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Ошондой эле премьер-министр заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты.

ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталганын маалымдады.

Анын айтымында, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу саатына 144 куб метр сууну айлантат. Учурда 28 насос иштеп, 4 интегралдык суу тазалагыч орнотулган жана үч ультра чыпкалоочу, I-II даражадагы система орнотулган.

"ХВО I жаңы системасы ишке киргизилгенге чейин Бишкек ТЭЦи химиялык суу тазалоого даярдык цехинин жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 360 метр кубду түзгөн. Азыркы кезде химиялык цехтин кубаттуулугу саатына 504 метр кубга жетет", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев ошондой эле коррупция менен күрөшүү маселелерине токтолуп, өкмөт тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ырааттуу жана активдүү иштерди жүргүзө турганын баса белгиледи.

Тема боюнча

Финчалгындоо кызматынын жетекчисине сөгүш берилди
Белгилер:
жылуулук, ТЭЦ, Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ