Кыргыз-кытай чек арасы Жаңы жылдан улам жабылат

© AFP / JOHANNES EISELEПограничники Китая на границе
Пограничники Китая на границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек араны жабууну Кытай тарап демилгелеген.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары жабылат. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта чек аранын жабылышы Жаңы жыл майрамына карата кытай тараптан демилгеленгендиги айтылат.

"Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары 2018-жылдын 29-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин жабылат", — деп айтылат билдирүүдө.

2-январдан тарта аталган пункттар кадимки калыбында иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0