Жалал-Абадда үч баланын апасы, жалгыз бой эне үйлүү болду

Жазылуу
Жаңы там айылдыктардын жана жергиликтүү бийликтин марафондук колдоосу менен курулган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын "Достук" аймактык башкаруусунун алдындагы Пригородный айылында үч балалуу жалгыз бой эне үйлүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жаңы там айылдыктардын жана жергиликтүү бийликтин марафондук колдоосу менен курулган.

"Шаар менен жаңы конуштарды байланыштырган жолдун так ортосунда тийиштүү документи жок, өз алдынча салынган үй бар болчу. Ал бузулса жаңы конуштарга унаа кирүүчү жол ачылмак. Бирок анда каттоосу жок, жардамга муктаж жалгыз бой эне Акылай Төрөбекова үч баласы менен жашагандыктан буга чейин бузулбай келген. Шаардык мэрия Төрөбекованы камкордукка алып, аны шаар тургуну катары каттады", — деп жазылат маалыматта.

Үйлүү болгон үч баланын энесине шаардын социалдык иштер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышев жаңы салынган тамдын кызыл китебин тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0