Финчалгындоо кызматы ячейка ээлери боюнча реестр түзүүдөн баш тартты

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в Кыргызстане
Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Финчалгындоо кызматы сунуш эл аралык уюмдардын талабы экенин түшүндүрүп, анын максаты кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы туруу экенин айткан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы бирдиктүү реестр түзүү үчүн банктагы эсеп жана ячейка ээлери тууралуу банктан маалымат алуу талабынан баш тартты. Бул туурасында аталган ведомствонун статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев билдирди.

Буга чейин Финчалгындоо кызматы сунуш эл аралык уюмдардын талабы экенин түшүндүрүп, анын максаты кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы туруу экенин айткан

"Ооба, бул сурамды кайра артка чакыртып алдык. Мурункудай эле система болот", — деди Кененбаев.

Ошондой эле ал кийинки жылы коммерциялык банктар менен жолугушуу өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Работа ОАО АИКБ “Татфондбанк” в Казани - Sputnik Кыргызстан
Сыр болчу, эч ким билбеши керек эле! Финчалгындоо кызматы ячейка чуусу тууралуу
Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка ээлери боюнча маалыматты талап кылган. Бул банктын кардарларын эле эмес, мамлекеттик органдардын да нааразычылыгын жараткан

Улуттук банктан билдиришкендей, финансылык мекемелер "Террордук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, Финчалгындоо талап кылган маалыматтарды бере алат.

Бирок талап кылынган кат "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик" тууралуу мыйзамга туура келиши керек. Анда кардардын аты-жөнү, маалыматтын көлөмү жана ал кандай максатта колдонулары так көрсөтүлүшү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0