"Исфана" аэропортунун жүргүнчүлөр залы үч эсе кеңейтилет

Жазылуу
Реконструкциянын максаты — кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Учурда ремонт иштери жүрүп жаткан "Исфана" аэропортунун жүргүнчүлөр залы кеңейтилет. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Реконструкциянын максаты — кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү.

"Аэробекеттин аянты 180ден 552,9 чарчы метрге чейин чоңойтулганы жатат. Бул саатына 75 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле учуп келүү залында жүк таратуу системасы орнотулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аба майдандын жанына унаа токтотуучу жай дагы курулары айтылды.

Белгилей кетсек, 1974-жылы колдонууга берилган "Исфана" аэропорту учактарды күндүз гана кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0