Эркекти төшөктө алсыздандырган илдет. Урологдун кеңеши

© AFP / JAY DIRECTOКучакташып турган жуп. Архив
Кучакташып турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кайсы гана адистиктеги дарыгер болбосун оорулууну кабыл алып жатканда анын түнкү заара ушатуусу боюнча маалымат алып, зарыл болгон учурда урологго кайрылууну сунушташы зарыл. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты Зуфар Хакимходжаев билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар.

"Ушул тапта эркектерди дарылоодон көрө ар кандай оорулардын алдын алууга артыкчылык берилип жатат. Анткени эркектер аялдарга салыштырмалуу 10-15 жылга азыраак жашайт. Буга эркектердин дарыгерге абдан кеч кайрылганы себеп болууда", — деди дарыгер.

Артын карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе сезбейм... Күйөөсүнө "ыраазы болбогон" аялдын бугу
Анын айтымында, эркектер арасында көбүрөөк кездешкен илдеттердин бири — ноктурия.

"Бул эркектердин түн ичинде бир нече ирет заара кылышы. Мында бир гана эркек эмес, анын жубайы дагы жапа чегет. Экөөнүн тең түн уйкусу бузулуп, толук кандуу эс ала албайт. Өзгөчө эркектин уйкусу канбагандыктан, жыныстык жашоонун сапаты начарлайт. Күйөө жубайы алдындагы "милдетин" жетиштүү аткара албай калат", — деди дарыгер.

Андыктан уролог эркектерге бул илдеттин алдын алып, маал-маалы менен дарыгерге кайрылып турууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0