Бишкектин бир катар аймагы жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Болот Бочкарев / Медиабанкка өтүүТурак үйлөр. Архив
Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эртең, 25-декабрда, Бишкектин бир нече аймагында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Алтын-Ордо конушундагы Эркиндик, Баялинов, Магадан, Федоров көчөлөрү;

09.00-18.00 — Куликовский, Кантемир көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жибек Жолу проспектиси, Черкесский туюк көчөсү;

10.00-17.00 — Орозбеков, Тоголок Молдо, Саадаев, Суворов, Жданов көчөлөрү, Хайдархан, Двинский туюк көчөлөрү;

09.00-17.00 — 11-кичирайондогу №1-3 үйлөр;

12.00-15.00 — 6-кичирайондогу №15-18 үйлөр;

15.00-18.00 — 6-кичирайондогу №5А үйү;

09.30-18.00 — Түлөбердиев, Көкчө-Тоо, Махатма Ганди, Манас, Васильев, Щербаков, Мост көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Караван, Тихвинский туюк көчөлөрү;

09.30-18.00 — Тоголок Молдо, Ананьев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсү;

09.30-17.00 — Кырк кыз, Кербез, Саманчынын жолу, Проектируемая көчөлөрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0