Бишкектин экологиясына мындан ары дрон көз салып турат

Жазылуу
Андагы бардык маалыматтар тиешелүү органдарга берилип, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги мындан ары Бишкектин экологиялык абалына дрондун жардамы менен көз салып турмай болду.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
Ведомствонун маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мындай чечимди ишкана жетекчиси Абдыкалык Рустамов экологияны жакшыртуу боюнча жыйында кабыл алды.

Агенттиктин кызматкерлери Бишкектин борбордук көчөлөрүн, базар, мончо, сауна сыяктуу объектилердин үстүнөн күн сайын карап турат.

Ошондой эле дрондор зыяндуу газдарды көп бөлүп чыгарган, туура эмес токтогон унааларды дагы карап турушат.

Дрондогу бардык маалыматтар тиешелүү органдарга берилип, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0