Ийгилик изин тапсаң да топурак тартат экен. Түркияны жерлеген кыргыз кызы

© Фото / из личного архива Сирень Келдибек кызыТүркиядагы тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүн жетекчиси Сирень Келдибек кызы
Түркиядагы тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүн жетекчиси Сирень Келдибек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир убакта жөнөкөй эле дүкөнчү болууну кыялданган секелек кара тору кыз азыр дүйнөнүн ири тарыхый шаарындагы ишканада бир бөлүмдү жетектейт.

Мекендешибиз Сирень Келдибек кызы Түркиядагы тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүн башкарат. Кыргызстандан да кол үзбөй, окуган мектебине көмөктөшүүнү көздөп жүргөн кези. Журтташыбыз менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы баарлашты.

Маектешибиз Сирень 2009-жылдан бери Стамбул калаасында жашайт. Ал түрк тилин билбесе да күчүн сынап, ишканалардын бириндеги сынакка катышып көрөт. Канчалаган мигранттардан айырмаланып Сирендин бактысына бөтөн мамлекеттен кеңседе отуруп иштөө буюрган.

— Кандайча жер которуп калдыңыз?

— Жолдошум 1997-жылы Кыргыз-түрк Анадолу лицейин аяктап, жогорку билимди Түркиядан алган. Кыргызстанга келгенинде таанышып калдык, баш кошкондон кийин кайра Түркияга жер котордук. Жолдошумдун арты менен башка жерди байырлап калдым. Ал жарнама боюнча дизайнер. Өзүм Ишеналы Арабаев атындагы университеттин Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар бөлүмүн аяктагам, кесибим боюнча педагогмун.

© Фото / из личного архива Сирень Келдибек кызыСирень Келдибек кызы Түркиядагы тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүн башкарат
Руководитель отдела экспорта в пищевой фирме в Турции Сирень Келдибек кызы - Sputnik Кыргызстан
Сирень Келдибек кызы Түркиядагы тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүн башкарат

— Бала кезде ким болууну самачу элеңиз?

— Апам склад башчысы болчу, мен да апамдай дүкөнчү болууну кыялданчумун.

— Кайда, кандай өткөрдүңүз эле балалыкты?

— Түбүм Нарын облусунун Оттук айылынан. Балалыгым ошол айылда жана Чолпон-Ата шаарында өттү. Балалылыгыбыз азыркы балдардыкына караганда башкача эмес беле. Экология таза, тамак-аш алда канча пайдалуу, адамдардын да көз карашы бөлөкчө. Апам жумушта, үйдө биз, 8 небере, таята-таенем менен калабыз. Үй куруп, бөлмөлөрдү таштан жасап, баткактан идиш, нан бышырымыш болуп, дүкөнчү болуп ойноп, селкинчек тээп, чоңураагыбыз кичинебизди карап чоңойдук.

— Башка жакта жашайм, бөлөк жерде иштейм деп кыялданчу белеңиз?

Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
— Андай кыял бала чакта эмес, студенттик убакта пайда боло баштады. Чет тилин окугандыктан, кыйналбай койгон жокмун. Бөлөк жерде иштейм деген деле кыялдарым болгон эмес. Бирок ыраматылык таажеңем бар эле. Союз тарагандан кийин Америка элчилигинде, ЮСАИД, ЮНИСЕФ, Тынчтык корпусу сымал уюмдарда иштеген. Апам борборго келсе эле "Бегай жеңенин үйүнө баралычы" дей берчүмүн. Ал кишинин мага таасири аябай чоң. Муздаткычынын бети ар өлкөдөн алып келинген магниттерге толуп калыптыр. Кайсы өлкөлөргө барганын сурасам, бара элек мамлекеттерди саноого убакыт азыраак кетерин айткан. "Ай-иий, самолеттон самолетко эле түшүп жүрөт экенсиз да",- деп суктангам. Жеңем мени аябай шыктындырып турчу. Сөздүк, китептерди карматып: "Эч кимдин сөзүн укпай, өзүңдү өзүң өнүктүр",- деген кеңештерин берип, көп колдочу. Бир топ кыялдарым орундалды, эми жаңылары жаралды. Ошол таажеңемдей эле мен да азыр учактан учакка түшүп жүрөм.

— Чет жактарга көп чыксаңыз, үй-бүлө менен ишти айкалыштыруу кыйын эмеспи?

— Иш боюнча сапарга көп чыгууга туура келет. Айрым учурда баш тартам. Колумдан келишинче үй-бүлөмө да көбүрөөк көңүл бурууга тырышып, ишти да бирге алып кетүүгө аракеттенем. Жолдошумдун жардамы да, колдоосу да аябай чоң.

© Фото / из личного архива Сирень Келдибек кызыМаектеш 2009-жылдан бери Стамбул калаасында жашайт
Руководитель отдела экспорта в пищевой фирме в Турции Сирень Келдибек кызы - Sputnik Кыргызстан
Маектеш 2009-жылдан бери Стамбул калаасында жашайт

— Түркияда жайгашкандан бери канча иш жерин алмаштырдыңыз?

— Азыркысы үчүнчү ишим. Алгачкысы деле экспорт жаатында болчу. Ошол жерде беш жыл эмгектенип, бул тармак боюнча көп нерселерди үйрөндүм. Түрк тилин өздөштүрдүм. Экспорт эмне, кандай документтер керек, бажы маселелери, талаптары, айтор, абдан чоң тажрыйба топтодум. Ортодо момпосуй чыгарган фирмага чакырылып, ал жакта да өзүмдү сынап көрдүм.

— Кыргыз кыздары ал жакта жакшы иш таап кетиши татаалбы?

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
АКШда айына 5 миң доллар тапчумун. Толкунбек Абдыгулов агынан жарылганда
— Кабарлардан Түркияда кыргыз кыздары жаман жолго түшкөн же тигиндей-мындай иштерде дегендерин угуп, көңүлүм ооруйт. Жакшы жумуштарга орношкон, алтургай, өздөрү ишкана же агенттик ачкан деле кыргыз кыздары арбын. Биринчи иретте эгер жогорку билимге, иштин көзүн таба билүү жөндөмүнө ээ болсоң, эң негизгиси, өзүңө өзүң бекем ишенсең, көңүлүңдөгүдөй иш таап кете аласың. Ар бир нерседе алгачкы кадам кыйын. Бирок ага чыдап, жеңип кете алсаң, ийгилик алыс эмес. Балким айрым кыздар кыйынчылыктарга чыдабай, ар кандай иштерге барып жатышкан чыгар.

Мен иштеген жер кондитердик кошулмаларды өндүргөн Түркиядагы алдыңкы фирмалардан. Бул ишканада КМШ өлкөлөрү жана Россияга сатуу боюнча экспорт бөлүмүн жетектейм. Ишкерлер менен келишим түзөбүз, өлкөлөрдүн маркетингин изилдейм, дүйнө жүзүндөгү биздин тармакка тиешелүү ар кыл жарманкелерге катышам. Жумушум өзүмө жагат, аябай кызыктуу. Ар бир өлкөнүн маркетингин жакшы жасап, ошол багытта арыш таштоо зарыл. Колумдан келишинче өздөштүрүп жатам, дагы көптү үйрөнүшүм кажет. Алдыда дагы көп нерселер күтүп турат.

© Фото / из личного архива Сирень Келдибек кызыСирень Келдибек кызы: мен иштеген жер кондитердик кошулмаларды өндүргөн Түркиядагы алдыңкы фирмалардан
Руководитель отдела экспорта в пищевой фирме в Турции Сирень Келдибек кызы - Sputnik Кыргызстан
Сирень Келдибек кызы: мен иштеген жер кондитердик кошулмаларды өндүргөн Түркиядагы алдыңкы фирмалардан

— Бизнес жаатындагы адис, бизнес сырларын үйрөнүп калган киши катары кыргызстандыктарга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Биринчи кезекте тил табышып, мамиле кура билүү керек бул иште. Кыргызстанда текстиль жакшы өрчүгөн. Мамлекет тарабынан колдоо болсо, кичи ишканаларга, чакан бизнестерге шарт түзүлсө, жолго коюлар эле дейм.

Ишкерлер көбүнесе борбор шаарга же борборго жакын жерлерге иш курууга ашыгат. Менимче, аймактарды өнүктүрүү программасын улантып, ишкерлер өз ишканасын, фабрика, заводдорун борбордон обочо жайгашкан райондордо да уюштуруусуна өкмөт өбөлгө болуп бергени түзүк эле.

— Түркияда эмнелерге суктанасыз, Кыргызстанда да болсо деп кыялданасыз?

— Түрктөрдүн мекенчилдигине, байрагын дили менен сүйгөнүнө, калкынын иштермандыгына жана алдыга озгон тейлөө тармагына суктанам.

"е-девлет" электрондук өкмөт тутуму жакшы жолго коюлган. Ошол система бизде да өнүксө дейм. Анда элге, ишкерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баары топтолгон. Бюрократияны четке кагып, убакытты үнөмдөйсүң. Өндүрүш жана экспорт абдан өнүккөн. Түркиянын атын тааныткан өндүрүшчүлөр дайым колдоого ээ.

Жеке баамымда, биз жалкоороок келебиз.

© Фото / из личного архива Сирень Келдибек кызыСирень Келдибек кызы: түбүм Нарын облусунун Оттук айылынан. Балалыгым ошол айылда жана Чолпон-Ата шаарында өттү
Руководитель отдела экспорта в пищевой фирме в Турции Сирень Келдибек кызы - Sputnik Кыргызстан
Сирень Келдибек кызы: түбүм Нарын облусунун Оттук айылынан. Балалыгым ошол айылда жана Чолпон-Ата шаарында өттү

— Канча балаңыз бар? Алардын билим алуусу же бала бакчасы туурасында да кеп кылсаңыз.

— 2 балабыз бар. Уулубуз 11 жашка чыгат. Азыр 6-класста окуйт. Кызыбыз алты жарым жашта, 1-класста.

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келип башка чапкандай болдум. Сейрек кесиптин ээси менен маек
Уулубуз менчик бала бакчага барган. Башталгыч классты мамлекеттик мектептен бүтүрдү, курагынан эрте бергенбиз. Азыр менчик орто мектепте окуйт. Математикага кызыгат, мамлекет тарабынан уюштурулган өзгөчө жөндөмдүү балдар мектебине үч баскычтан турган BILSEM сынагынан өтүп кеткен. Жумасына бир ирет ал жакка да катышат. Андан сырткары, Стамбулдагы математикалык олимпиадалар боюнча Картал районунун курама командасына мүчө. Ишемби күндөрү ага барат. Өзү окуган орто мектептин да математика боюнча курама командасында. Пианинодо, шахмат ойнойт.

Кызыбыз дагы байкеси менен бир мектепте. Азырынча кичине, ошентсе да шахмат ийримине барат, сүрөт тартууга шыктуу. Күн жылыганда бий, балет же гимнастикага берсекпи деп ойлонуп жүрөбүз. Колубуздан келишинче балдарга көңүл бурууга тырышабыз. Стамбул — дүйнөдөгү алтынчы чоң калаа. Мегаполис болгондуктан, абдан жакшы ийримдерге жол алыстык кылат.

— Балдар кыргыз тилин билишеби? Кыргызстанда эки тилди бирдей алып кетишет. Түркияда жашап, эне тилин, орус тилин үйрөнбөй калышат деп кейибейсизби?

— Үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. Кыргызстандан келгендер да көп. Балдардын чоң энеси, туугандар дегендей. Алар түркчө билбейт, кыргызча сүйлөшөт. Бирок Ата Журтта өз элиң менен өз эне тилиңде сүйлөп жашоого эмне жетсин!? Буга кейийм, албетте, бирок кейий бергенде да эмне, белибизди бекем бууп, оокатыбызды кылып келебиз.

Балдарым кыргыз, түрк, англис тилинде сүйлөшөт. Кыргызча жазууну гана эптей алышпайт. Орус тилин да үйрөнүп жүрүшөт.

© Фото / из личного архива Сирень Келдибек кызыСирень Келдибек кызы: 2 балабыз бар. Уулубуз 11 жашта. Кызыбыз 1-класста окуйт
Руководитель отдела экспорта в пищевой фирме в Турции Сирень Келдибек кызы - Sputnik Кыргызстан
Сирень Келдибек кызы: 2 балабыз бар. Уулубуз 11 жашта. Кызыбыз 1-класста окуйт

— Кыргызстанга жылына канча каттайсыз? Эмнелерди сагынасыз?

— Өзүм кээде 3-4 жолу, үй-бүлөм менен жылына бир же эки жылда бир келебиз. Тоолорду, шар аккан сууну, таза абаны, тамшанткан тамактарын сагынабыз. Үрп-адат, салт-санаасы эске түшөт, жакындарыңа куса болосуң. Кайтсакпы дейбиз. Жашыраак кезде билинбейт, бирок кыркка чукулдай баштаганда тууган жердин топурагы тартат өңдөнөт. Антсек кайра Кыргызстандагы тууган, тааныштар: "Эмне кыласыңар келип? Кыйналасыңар кайтсаңар, жүрө бергиле ошол жакта", – деп айнытышат. Баарын убакыт көрсөтөр.

Кыргызстанда бир чакан ишкана ачсакпы деп көздөп жүрөбүз. Бирок өзүң башында турушуң керек экен. Аны өнүктүрүп алган соң кайтууга кам урабыз. Россиялык ишкерлерге да кеңеш берүүчүлүк ишмердикти баштагам, ал да уланып кетсе дурус болмок. Маңдайга жазылганынан эмеспи баары.

Жаңылыктар түрмөгү
0