Жээнбеков: курултайдын тартибин аныктаган мыйзам кабыл алыш керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНаучно-практическая конференция, посвященной 80-летию парламента КР
Научно-практическая конференция, посвященной 80-летию парламента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент мыйзамдын долбоорун даярдоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Баш мыйзамдын 52–беренесине ылайык элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталышы керек. Бирок тиешелүү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жатып билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө боло турган иштердин баары мыйзамдын чегинде өткөрүлүүгө тийиштигин, ошол себептен курултай жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

"Мыйзамдын долбоорун даярдоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү туура болот", — деди Жээнбеков.

Ал сөзүнүн аягында парламентти 80 жылдык мааракеси менен куттуктап өттү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында курултай өтүп, ага катышкандар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, камактагы саясатчылардын ишин кайра кароо сыяктуу бир катар сунуштарын беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0