06:47 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Бала бакча. Архив

Баткендин чек арадагы Миң-Өрүк айылына 4 млн. сомго бала бакча курулду

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
82 0 0

Миң-Өрүк айылында 765 киши жашап, аймак Тажикстандын Исфара районунун Сурх айылы менен чектешет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Баткен районунун Миң-Өрүк айылында "Мээрим" балдар бакчасы ачылды.

25 орунга ылайыкташкан бала бакчанын ачылуу аземине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышты.

Бала бакчанын курулушуна жалпысынан 4 миллион сом коротулган. Анын 2 миллион 400 миң сому Түрткү берүүчү гранттын эсебинен, 1,5 миллион сому Самаркандек айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралса, 100 миң сомду Миң-Өрүк айылынын жергиликтүү тургундары чогултуп берген.

Айылда буга чейин бала бакча болгон эмес. Бала бакчанын ачылышы менен 9 адам жумушка орношту.

Белгилей кетсек, Миң-Өрүк айылында 765 киши жашап, аймак Тажикстандын Исфара районунун Сурх айылы менен чектешет.

Учурда облуста жалпысынан 150 мамлекеттик жана муниципалдык, 12 жеке менчик балдар бакчасы иштеп, ага 20 миңге жакын бала барат.

Тема боюнча

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын кызматкерлеринин билими текшерилет
Белгилер:
курулуш, бала бакча, Баткен облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ