Кыргызстанга кооптуу инфекцияларды аныктаган мобилдик лаборатория берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди
Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди
Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди
© Sputnik / Табылды КадырбековБаасы 11,2 миллион сомду түзгөн автолаборатория бүгүн, 20-декабрда, тапшырылды
Баасы 11,2 миллион сомду түзгөн автолаборатория бүгүн, 20-декабрда, тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
2/5
Баасы 11,2 миллион сомду түзгөн автолаборатория бүгүн, 20-декабрда, тапшырылды
© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министринин орун басары Марат Чечейбаевдин айтымында, лаборатория инфекциялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда эпидемияга каршы атайын топтун түзүмүндө колдонулат
Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Чечейбаевдин айтымында, лаборатория инфекциялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда эпидемияга каршы атайын топтун түзүмүндө колдонулат - Sputnik Кыргызстан
3/5
Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Чечейбаевдин айтымында, лаборатория инфекциялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда эпидемияга каршы атайын топтун түзүмүндө колдонулат
© Sputnik / Табылды КадырбековОшондой эле чума жана башка коркунучтуу илдеттердин очогунда иштемекчи
Ошондой эле чума жана башка коркунучтуу илдеттердин очогунда иштемекчи - Sputnik Кыргызстан
4/5
Ошондой эле чума жана башка коркунучтуу илдеттердин очогунда иштемекчи
© Sputnik / Табылды КадырбековАталган техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат.
Аталган техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Аталган техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат.
1/5
Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди
2/5
Баасы 11,2 миллион сомду түзгөн автолаборатория бүгүн, 20-декабрда, тапшырылды
3/5
Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Чечейбаевдин айтымында, лаборатория инфекциялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда эпидемияга каршы атайын топтун түзүмүндө колдонулат
4/5
Ошондой эле чума жана башка коркунучтуу илдеттердин очогунда иштемекчи
5/5
Аталган техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат.

Баасы 11,2 миллион сомду түзгөн автолаборатория бүгүн, 20-декабрда, тапшырылды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Чечейбаевдин айтымында, лаборатория инфекциялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда эпидемияга каршы атайын топтун түзүмүндө колдонулат. Ошондой эле чума жана башка коркунучтуу илдеттердин очогунда иштемекчи.

Аталган техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат.

"2016-жылдан бери Кыргызстанга ушундай үч лаборатория келген. Алардын бирин инфекциялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарында Кырчында колдондук. Алар Караколдо, Бишкекте жана Ошто иштейт", — деди Чечейбаев.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир
Мобилдик техника КР Саламаттык сактоо министрлиги, колдонуучулардын укугун коргоо тармагындагы Россиянын көзөмөлдөө федералдык кызматы жана Саратовдун "Микроб" аттуу чумага каршы илим-изилдөө институтунун ортосундагы келишимдин негизинде алынган.

Автолабораторияда иштөөнү Кыргызстандын адистерине "Микроб" институтунун жана автолаборатория чыгарган "Автоспектр-НН" ишканасынын эксперт-адистери үйрөтөт.

Техниканы тапшыруу аземине саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0