Европа менен Азияны бириктирген окуу жай. Чет элдик студенттердин артыкчылыгы

© Фото / ЮУрГУ / О. ИгошинДеятельность Южно-Уральского государственного университета
Деятельность Южно-Уральского государственного университета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Урал мамлекеттик университети (ТУМУ) Россиянын европалык жана азиялык бөлүктөрүнүн чектешинде, Челябинск шаарында жайгашкан. Ыңгайлуу орду, билим берүүнүн жакшы салттары менен университет 52 мамлекеттен келген студентттердин көңүлүн ээлей алды.

Даярдыктын кайсы багыттары кыргызстандык студенттерди көп кызыктырат? Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө эмгектин эл аралык рыногунда талап барбы? Булар туурасында ТУМУнун эл аралык ишмердик боюнча проректору Ольга Ярошенко Sputnik кабарчысына айтып берди.

— Ольга Николаевна, ТУМУда ушул тапта Орто Азия, анын ичинде Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан канча студент окуйт? Алар кайсы багыттарды тандашууда?

— ТУМУда бүгүн Орто Азия өлкөлөрүнөн көптөгөн студенттер билим алышат. Кыргызстандан жалпы 80 студент бар.

Студент Южно-Уральского университета Нурсултан Озбеков - Sputnik Кыргызстан
ТУМУда окуган кыргызстандык студент: Россияга баруу кооптуу деп айтышчу
Чет жердик абитуриенттер ар кыл багыттарды тандашат. Көп учурда балдардын тандоосу биздин университетте билим алып, өз өлкөлөрүнө кайткан тааныштарынан угуп билген багыттарга оойт. Негизинен техникалык адистиктер.

Кыргызстандык абитуриенттер да быйыл ар кандай — техникалык да, гуманитардык багыттарга да тапшырышты. Көбүнчө алардын тандоосу өлкөнүн экономикасы жана биздин университеттеги бюджеттик орундарга карата негизделет.

— Сиздердин университет чет өлкөлүк студенттер менен иш алып барууга канчалык маани берет?

— Албетте, бизге билим алууга келген балдар үчүн жоопкерчилигибизди туя билебиз. Алардын университетке тапшырышы гана эмес, ийгиликтүү аяктоосу да биз үчүн өтө маанилүү. Ошол себептен аларга сервистик колдоодон тарта бардык маселеде көмөктөш болууга тырышабыз.

Чет өлкөлүк студенттерди аэропорттон сөзсүз тосуп алабыз, жатаканага жайгашууга жардамдашабыз. Социомаданий көнүшүү борборубуз жаңы келген балдарга ар кыл кырдаалдарда жардам сунат, биринчи курстун ар бир студентине ошол эле өлкөдөн келген жогорку курстагы балдардан бекитилет. Биз студенттерибизге калааны кыдыртабыз, зарыл нерселердин баары менен жабдып, алар үчүн атайын "маалыматтык күндөрдү" өткөрөбүз, анда РФ аймагында жүрүү тартиби жана миграциялык саясат менен тааныштырабыз.

Мындан сырткары, жөндөмдүү спортчуларды тандап, аларды ТУМУнун Спорт, туризм жана тейлөө институтунда машыгууга багыттайбыз. Маселен, студенттердин арасында эркин күрөш кеңири жайылган, бизде спорттун чеберлери жана ага талапкерлер бар.

Город Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан
Россиянын кайсы университетине чет элдик студенттер артыкчылык берери айтылды
Кыргызстандан келген студенттер музыкага жакын, чыгармачыл келишет. Ошондуктан аларды биз ТУМУнун Чыгармачылык борборуна жиберебиз. Алар ТУМУнун таланттары сынагында күч сыноо менен бирге концерттерге да көп катышат.

Ошондой эле бизде бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү кирген Чет өлкөлүк студенттердин биримдиги иштейт. Балдардын көп улуттардын өкүлдөрү менен баарлашып, өз маданиятын тааныштырууга мүмкүнчүлүктөрү арбын. Россиялык студенттер менен алар сабактан тышкаркы биргеликте жүргүзгөн ишмердик маалында да орус тилин өздөштүрө алышат.

— Бул окуу жайга тапшырууга кандай талаптар (тил даярдыгынын деңгээли, жалпы даярдык, олимпиадаларга катышуу) бар? Буларды да санай өтсөңүз.

— Тилекке каршы, олимпиадаларга катышкандыгы биздин окуу жайга кабыл алууда чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык бербейт. Кыргызстандык студенттер россиялык жарандарга кандай талаптар коюлса, ошондой эле жалпы шарттарда кабыл алынат.

— ТУМУнун бүтүрүүчүлөрүнө эл аралык эмгек рыногунда талап күчпү?

— Дүйнөдө 200 миңдей университет бар, ТУМУ алардын алдыңкы сабындагы миң окуу жайдын бири экендигин сыймык менен айтар элем. Биздин университеттин студенттери алган билим сапаты алардын жакшы иш табуусун шарттайт. Аларга россиялык гана тургай, дүйнөлүк эмгек рыногунда да талап бар.

Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Жылына 900 млн. сом тапкан Кыргызстандагы университеттер акчаны кайда жумшайт
Бизде долбоордук окутуу кызуу жанданган, студенттерибиз дүйнөлүк деңгээлдеги сегиз лабораторияда тажрыйба топтоо өңдүү сонун мүмкүнчүлүктөргө ээ. Андай жайлардан дагы ачуу биздин планыбызда бар.

Студенттерибиз көп тилдүү чөйрөдө окушат, ар бөлөк өлкөлөрдөн келген балдар менен сүйлөшүшөт, өздөрүнүн англис тилин жакшыртышат. Бизде чет өлкөлүк окутуучулар иштейт, эл аралык лабораторияларды дүйнөлүк ысымы бар профессорлор жетектейт. Булардан сырткары, студенттерибиз англис тилдүү окутуучулар алпарган программаларга да катыша алышат. Булардын баары адистикке даярдоонун жогорку деңгээлде уюштурулгандыгынан кабарлайт.

Европа менен Азиянын чектеш жеринде жайгашкан биздин университетте эки континенттин тең баалуулуктарын сактоо менен эмгектин европалык да, азиялык да рыногунда кеңири таанылган билим берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0