Бишкектин бир катар аймагы жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Эртең, 20-декабрда, Бишкектин бир катар аймагы жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.30-18.00 — Кызыл куруучу конушу;

09.30-17.00 — Күрөңкеев менен Табачный көчөлөрүнүн кесилиши;

09.30-17.00 — Ибраимов, Кузнечная крепость, Үсөнбаев, Күрөңкеев, Мичурин көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жибек Жолу проспектиси;

13.00-17.00 — Көк-Жар конушундагы Көк-Жайык, Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрү;

09.00-18.00 — Рухий Мурас конушундагы 1-4-көчөлөр;

09.00-17.00 — Токтогул көчөсүндөгү №200 үй, Турусбеков көчөсүндөгү №41 үй;

12.00-17.00 — Ак-Өргө конушундагы От-Араба, Камбаркан, Жетиген, Үркөр, Молдо Нияз, Саадак, Бекен, Кара Чоро, Казыбек, Кырк Чоро көчөлөрү;

09.30-17.00 — Ак-Өргө конушундагы Бекет, Алыкулов, Аймончок көчөлөрү, Тоголок Молдо, Ананьев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсү;

09.30-18.00 — Тынчтык жаңы конушу;

09.30-12.00 — Гагарин, Балтагулов, Шота Руставели, 3-линия көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-18.00 — Кожомкулов, Абдрахманов, Северная, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Шушинский туюк көчөсү;

09.30-18.00 — Күрөңкеев, Исанов, Ташкент көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Лейлек туюк көчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0