Президент кызматтан кеткенден кийин эмне кыларын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө башчы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кийинки президенттик шайлоодон кийин катардагы жаран болуп күн кечиргим келет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында айтты.

Мамлекет жетекчисине Өмүрбек Бабанов тууралуу суроо берилген. Жээнбеков эч кандай сүйлөшүү болбогонун белгилеп, бул маселени дагы тактап көрөрүн кошумчалады.

"Ал саясаттан кеткенин жар салган. Мен эч кимди саясий атаандаш көрбөйм, 2023-жылдан кийин катардагы жаран болуп жашагым келет. Атаандаш шайлоо учурунда гана болот, мен кийинки президенттик шайлоого барбайм", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков андан кийин президенттикке ою таза адам келеринен үмүт кыларына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0