Терек-Сайда аскерлерди сабады делген 13 тургун абактан чыгарылды

Жазылуу
Айыпталуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимине макул болбой, облустук сотко даттануу жиберген болчу.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылында атайын даярдыктагы отряддын үч аскерин сабады деп кармалган жергиликтүү тургундардын 13ү үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Министр Жунушалиев Терек-Сайда кармалган 15 кишинин туугандары менен жолукту
Эскерте кетсек, "Эти Бакыр Терексай" ишканасын кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышканы айтылган. Ачууланган айылдыктар чогулуп барып жаңжалдашкан. Арадан 27 күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери окуяга катышкан 15 кишини кармап кеткени кабарланган

Ал эми облустук сот бул иш боюнча 16 адам айыпталганын маалымдады. 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, онун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

"Айыпталуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимине макул болбой, облустук сотко даттануу жиберген. Мындан улам иш 17-декабрда кайра каралып, 13 жаран үй камагына чыгарылып, үчөө бир айга тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган кишилердин тарапташтары аларды бошотууну талап кылып митингге чыгышкан. Мындан сырткары, бийлик өкүлдөрүнө да кайрылууларды жиберген. Терексайлыктар менен кечээ, 17-декабрда, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0